www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан-Түркия: Алты багыттагы кызматташуу Президент Сооронбай Жээнбековдун эки күндүк расмий сапары менен Түркия Республикасына барышы эки өлкөнүн ортосундагы акыркы убактарда салкындап кеткен мамилелердин кайрадан жанданышына негиз болуп калды. 9-апрелде Анкарага барган мамлекет башчысын Түркия жогорку урмат-сый менен кучак жайып тосуп алды.

Мамлекет башчысы С. Жээнбековдун кортежин Анкарадагы президенттик ак сарайга чейин атчандардын ардактуу кароолу коштоп барды. Ал жактан эки өлкө башчыларын расмий жолугушуу аземинин салтанаты өтүп, эки өлкөнүн гимндери жаңырды. Расмий жолугушуудан кийин эки өлкө башчылары тар чөйрөдө жолугушуу, андан соң кеңири курамдагы жолугушууларды өткөрүштү. Бул жолугушууларда мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташуулардын перспективаларын талкуулашты. Алар мамлекеттер ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмүн 1 млрд долларга чейин көтөрүү мүмкүнчүлүгүн белгилешип, андан сырткары соода, саламаттыкты сактоо, транспорт, энергетика, тоо-кен тармактары боюнча кызматташууларды күчөтүү тууралуу кеп козгошту.

Сүйлөшүүлөрдөн кийин Сооронбай Жээнбеков жана Режеп Тайип Эрдоган жолугушуулардын жыйынтыгы боюнча маалымат жыйынын беришти. «Социалдык-экономикалык, аскердик-техникалык, маданий сфераларда кызматташуу маселелери талкууланды. Биз кызматташууну өнүктүрүүнүн багыттарын аныктадык. Ошондой эле бүгүн тарыхый документке кол коюлду, социалдык камсыздоо сферасында кызматташуу боюнча. Эми Түркияда эмгектенген жана социалдык төлөмдөрдү төлөгөн кыргызстандыктар ошол жылдары үчүн пенсия ала алышат», — деди Сооронбай Жээнбеков. С. Жээнбеков Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоганды 3-дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жана залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чараларга катышуу үчүн чакырганын кошумчалады.+ Эң негизгиси, бул сапардын алкагында Кыргызстан менен Түркия алты багыттагы кызматташуу боюнча документтерге кол коюшту. Алар: инвестицияларды коргоо, айыл-чарбасы, спорт, социалдык камсыздоо, экономика, маалымат жана басма сөз сфералары боюнча.

Булак: Багыт

Последние новости