www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Абдил Сегизбаев Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекетгик комитетинин төрагасы кызматынан өз арызынын негизинде бошотулду. УКМК төрагасы болуп 2015-жылдан бери иштеп келе жаткан Абдил Сегизбаев 44 жаштын кырында.
Буга чейин мурдагы президент Аскар Акаевдин маалымат катчысы, 2010-жылдан кийин Алмазбек Атамбаевдин жардамчысы, кеңешчиси, УКМКнын Улутгук коопсуздуктун коркунучтарын талдоо жана аныктоо кызматынын башчысы болуп эмгектенген.
Абдил Сегизбаевдин аты чуулгандуу "Белгизгейт" жаңжалында көп айтылган. Анда "Ата Мекен" партиясынын камактагы лидери Өмүрбек Текебаев, аталган фракциянын ошол кездеги мүчөлөрү Аида Салянова жана Алмамбет Шыкмаматов "Альфа Телекомдун" акциясынын жарымын сатууга аракет кылган деп айыпталган.
"Ата Мекендин" депутатгары атайын кызматшн бул маалыматгарын негизсиз каралоо катары баалап, четке кагып келишет. Азыркы тапта УКМКнын башына ким келет деген суроо коомчулуктун бүйүрүн кызытууда...
Булак: Фабула