www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Америкада гей үй-бүлө балалуу болгону турушат. Орегон штатынын Портленд шаарында жашаган “эрди-катын” Бифф Чаплоу менен Тристан Рис экөө буга чейин бир уул бир кызды багып алышкан болчу. Бирок, биологиялык балалуу болууну самашкан алардын кылы ишке ашып, бир жыл мурда Тристандын боюна болуп, бирок анысы алты жумалык болгондо боюнан түшүп калган. Бир нече жолу аракет кылышкан соң кайра боюна бүтүп, Тристан эми төрөө алында турат. Тристан мурда кадимкидей эле кыз болгон, бирок кийин хирургиянын жана гормоналдык терапиянын жардамы менен сырткы келбетин эркек түспөлдөштүрүп алган.
Мындай окуя тарыхта алгачкы жолу эмес. 42-жаштагы Томас Бити 2008-жылы боюнда болуп, дүйнө ММКларынын башкы темасына айланган. Ал дагы “тиягын” аял бойдон калтырып, сырткы келбетин эркек сыяктантып алган болчу.
Булак: NazarNews.kg