www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 16-июлда Президенттик Аппараттын стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн жетекчиси, Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү стратегиясынын Улуттук кеңешинин катчысы Нурсулу Ахметованы кабыл алды.
2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын долбоору талкууланды.
Нурсулу Ахметова Мамлекет башчысына Кыргыз Республикасынын узак мөөнөттүү Стратегиясынын долбоору коомдук талкуунун натыйжасында эксперттик жана илимий коомчулуктун пикирин эске алуу менен кошумчаланып, иштелип чыкканын маалымдады.
Стратегия-2040 орто мөөнөттүү этабын ишке ашыруунун алкагында ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин артыкчылыктуу багыттары талкууланды.
Президент Сооронбай Жээнбеков 2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын долбоорун туруктуу өнүгүү боюнча Улуттук кеңештин жыйынынын кароосуна киргизүү тапшырмасын берди.
Улуттук кеңештин жыйыны 2018-жылдын 25-июлуна пландалды.
Булак: NazarNewss.kg