www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эркектер аялзаты жөнүндө кандай ойдо?

Эркекти эки аял билет. Акылдуу аял эркекти далыга чаап, мактап, чайкап билет. Акылсыз аял чимкиригин көтөрүп чаап, эркекти жамандап билет.  Аял-эркек түгөй, бири бирисиз күн көрө алабы? Кыйын чакта аял эркексиз күн көрө алат. Эркек киши аялы жокто темтейип калат. Кээде эркектердин намысына тийип коюшат, деги эркек ким, же ажырашып кетсе эле , күнөөнүн бары эркекке түшүп, эркек дөдөй болуп калабы?

Эркекти эл экиге бөлөт: «Эркек»: Орустар да үйрөнүп алышып «мужик» деп коюшат. Бийликтегилер, бизнесмендер мунун көбү эркек, анткени күн-түнү тынбай иштешет, бирок арасында  ар кандайы бар. Жөнөкөй элдин көбү эркек, эркекче үйүн багат, ажырашкандарда деле эркек толтура, аялынын жаманынан ажырашкандар да бар. Эркектер Армияга (согушка) барышат, чек араны коргошот, оор түйшүктүү жумуштарга аялзатын жолотпой аткарышат.

Аялзатын эркектер көпкө бөлөт да урматтап, сыйлап турушат.

  1. Алтын согончок, жез шыргай

Биздин кыргыздын кыздарын, айрыкча ММКларда отурган кыз-келиндерди ушуга кошуп койсо болот. Аялзатынын асылы ушул ургаачы. Булардын көрк келбетин, келишимдүү шыңга боюн жез шыргайга теңеп келген ата-бабабыз. Ал эми ак уул, кызыл кыздын энеси экендигин алтын согончок иретинде татыктуу баага татып келген. Бир заманда бийлик башчысы  ордо үйүнө башы ача, аземдүү жез бакан тиреп коюп, ушул жез бакан менен ордонун боз үйүнүн түндүгүн көтөрчү экен. Жез шыргай үй ичине жарашык берген. Жакшы аял - жез шыргай сыяктуу үйдүн көркү, түндүктүн тиреги! Аял - жакшысы аңыз кеп.

  1. Ай чырайлуу, ача тил

ММКларда оңду-солдуу жазып, эркек менен ажырашып алып бардык эркектерди жамандап, кордоп көңүлүн калтырган ушулар. Булардын оюнча эркек аттуунун бары жаман, акмак, келесоо, дөдөй, анткени ал күйөөсү менен жашай албай эркектерди жек көрөт.  Сойку эркектер менен көңүлүн ачып, бир түндүк катары көрүп, салфеткадай ыргытат. Жараткан мындай аялдарга чырайды тартуулаптыр. Бирок эркектерге каршы коюп, акылын пас кылып койгон. Эркекке түтпөй ажырашкандар ушулар. «Чырайын чылап ичмек белем?» -деп сойку эркектер ушуларды пайдаланышат. Бул аялдардын тилинин заары, жазгандары кара чаар жыландын тилин калпый кесип, желимдеп салгандай эле бар. Ай чырайлуу, ача тил аялдар бир эркектин шорун шорподой кайнатып, бечара күйөөсүн өмүр боюу кор кылат же ажырашып алып эркекти кордоп өтөт. Мындай аялдардын заар тили жакындарына, коңшу –колоңдорго, ММКлардагы эркектерге да тиет.

  1. Дүнүйөкөй тоту

Мындай аялдар ММКлардан супермаркеттерди өйдө көрүшөт. Бул аялдар супермаркет, табылга, акча, моданын зайыбы. Чүпүрөк зайып деп койсо да болот. Чүпүрөк-сапырак, акчаны дүнүйө көргөндөр ушулар болушат. Дүнүйөкөй тотулар эрдин башынан бак –дөөлөт тайып, камалып же «кара пиар» сүйкөлсө, ага көмөк көрсөткөндүн ордуна, жүдөп, чүнчүп калышат. «Бирде жигит төө минет, бирде жигит жөө жүрөт». Дүнүйөкөй тотуң түшкүр, бир гана байлардын аялы болгусу келет, «Төө мингендин» гана түгөйү, «жөө жүргөндөргө», жөнү жок камалгандарга жүк.

 

  1. Алтын согончок, жез шыргай

Биздин кыргыздын кыздарын, айрыкча ММКларда отурган кыз-келиндерди ушуга кошуп койсо болот. Аялзатынын асылы ушул ургаачы. Булардын көрк келбетин, келишимдүү шыңга боюн жез шыргайга теңеп келген ата-бабабыз. Ал эми ак уул, кызыл кыздын энеси экендигин алтын согончок иретинде татыктуу баага татып келген. Бир заманда бийлик башчысы  ордо үйүнө башы ача, аземдүү жез бакан тиреп коюп, ушул жез бакан менен ордонун боз үйүнүн түндүгүн көтөрчү экен. Жез шыргай үй ичине жарашык берген. Жакшы аял - жез шыргай сыяктуу үйдүн көркү, түндүктүн тиреги! Аял - жакшысы аңыз кеп.

 

  1. Аркар эмчек, агылгөй тараз.

Биздин ММКларда отурган аялзатынын көпчүлүгү ушуга татыйт. Бала-бакыралуу болсо да келин сыны кетпейт, керилген сымбатынан жазбайт. Келишимдүүү тараз боюу шилекейди агызат. Ошондуктан мындай аялзатын кайберендин ыйыгы – аркарга теңеп келишкен. Обо энеден баштап аялзатына бөлүштүргөн акыл шыбагасына да мындай зайыптар ашыгыраак эгедер болушкандыктан, акылгөй аташкан. Бул баага арзыган аялдардын кыял-жоруктары, адеп актыгы адам баласына жагат. Элге-журтка, ага-тууганга адамгер келишет. Ар ким өз аялын ушундай болсо деп тилейт, аттиң бирок бары андай эмес.

  

  1. Ак көрпө жайыл

Биздин ММКларда аялзатында мындай аялзаты да көп. Жайдарман, кумар жайнак, жүрөгүндө таруудай карасы жок, ак пейилдүү ургаачы ушул. Жүрүм туруму  айыпсыз, ала жипти аттабайт. Баш кошкон эрин кадырлайт. Вот! Күйөөсүн күкүктүн баласындай багат. Кыялы оор басырыктуу, келбеттүү келет. Үйүндө келим –кетими көп болот. Күйөөсү көбүнчө аялы менен акылдашып иш кылат. Ошондуктан күйөөсүнү иши алга жылат. Бул аялзаты –асыл, үйүңдүн күнү, балдарыңдын энеси!

 

  1. Ак жоолук делбирим

ММКларда мындай аялзаты да көп. Мындай аялдар ашкере чырайлуу, сулуу, көрктүү. Ак жуумал жүзү, жарык маанайы, жаңырган айдай каштары, узун кирпиктүү бото көзү, койкогой мойну бири бирине төп келет. Узун чачы кымча бели сымбатын ого бетер артырып турат. Келбетинен кемчилик таппайсың. Ак жоолук делбирлер дайыма акыркы мода менен жарашыктуу кийинишет. Мындай аялдар үй тиричилигине тыңдыгы, бүйрөлүгү менен да айырмаланышат.

 

  1. Жабылуу кара инген

Мындай аялзаты ММКларга көп кирбейт. Көп сүйлөбөйт, кишиге ачуу сөз айтпайт. Эркекке каяша кайрыбайт. Бала-бакырага карапайым аял. Текебер, кесир дегенди билбейт. Эркектин табылгасына көтөрүлбөйт. Барга мактанбайт, жокко чүнчүбөйт. Жабыла токунуп, үй тиричилиги менен көбүрөөк алпурушат. Кенен оокатка да, тартыш оокатка да бүйрө-жакшы зайыптарды ушинтип аташат.

 

  1. Жайыл дасторкон

ММКларга көп көңүл бурушпайт. Колу ачык, кең пейил аялдарды ушинтип айтышат. Булардын казаны оттон түшпөйт. Бул атка конгон аялзатынын дасторкону жайнап турат. Чайнеги шарактап кайнап турат. Балдарын кем кылбай багат. Колунда барбы же жокпу үйүндө келим –кетими көп болот. Булар саймачы, оймочу колунан бар иш келген ууз да болушат. Ушак- айыңдарга кызыгышпайт.

 

  1. Дүркабак чабдар

ММКларга киришпейт, анткени интернеттен акчасын аяшат. Дайыма кабагы бүркөө, сиркеси суу көтөрбөй, урушкусу келип турган аялдар ушулар. Бул аял эркектин да, бала-бакыранын да сазайын беришет. Дитине бирдеме жакпаса, итатайы тутулуп, кайырын чайыр кылат. Кыял жоругуна ата-энеси гана чыдабаса эркектин чыдашы кыйын. Кээ бир бечара эркек айла-амалы кууруп чыдай берет. Себеби ал балдарды төрөп койгон. Балдары чоңоюп аны тыйгыча эркекти кор кылып койот.

 

11.Суу мурун сөпөк

ММКлар - эркекти жамандоо үчүн бул аялдын эң башкы каражаты. Бул бечара аялдын аты эле айтып турбайбы. Болгон аты отуруп заара ушаткан ургаачы.  Эркек дегенди жек көрөт, кор кылат, жамандайт. Кайсы жерге барбасын эркекти жамандаганы жамандаган. Мындай аялга эркек түтпөйт, ажырашат. Күйөөсү кетип калса да жинин бүт эркектерди жамандап чыгарат. Кээ биринин чырайы сулуу, кээ биринин чырайы «баткак». Бирок кетип калган күйөөсүнө өчөшүп балабы, чалбы бары бир убактылуу «кабыл алып», эркекти жамандап күн көрөт. Мындай аялдарга эркек «катындар» бир күнгө балга жармашкан аарыдай жабышып алат. Бирок, убактылуу...

12.Эчки сан тыйтак

ММКларда да кездешет. Түтүнмө-түтүн кыдырган ушакчы аялдарды ушинтип сыпатташат. Азыр кээ бир эркек «катындар» ушунун жолуна түшкөн. Бул аялдар эчки сыпаттанып, эрбеңдеп-сербеңдеп турушат. Жандары жай албай, жалакай келишет. Булар бир айылды бириктирбейт, эки айылды эриктирбейт, ММКларды да зериктирбейт. Булардын сырт келбети да албуут, жагымсыз. Этегин үзө басышып, дайыма түтүн чыккан жерлерди ушулар аңдышат.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

 

 

 

 

 

Последние новости