www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ орус оппозиционери Алексей Навальный ууланган болушу мүмкүн деген немис дарыгерлеринин бүтүмүнө тынчсызданууда.

Эгер бул маалымат тастыкталса, Кошмо Штаттар Европа биримдигинин бул окуяны ар тараптуу иликтөө чакырыгын колдоп, жардам көрсөтөт. АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпеонун бул өңүттөгү билдирүүсү Мамлекеттик департаменттин сайтына жайгаштырылды.

“Навальныйдын үй-бүлөсү жана Орусия эли окуянын ар тараптуу, ачык-айкын иликтенишине жана буга катышы бар кишилердин жоопкерчиликке тартылышына татыктуу. Биз Алексей Навальныйдын үй-бүлөсү менен бир ойдобуз жана ал толугу менен сакайып кетет деген үмүттөбүз”, -деп айтылат Помпеонун 25-августта жарыяланган билдирүүсүндө.

Бул арада Орусиянын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) АКШ мамлекеттик катчысынын орун басары Стивен Биган менен Сергей Лавровдун сүйлөшүүлөрү боюнча комментарий берди. Орус-америка кеңешмеси учурунда Алексей Навальныйдын маселеси жөнүндө да сөз болгон.

Орусия ТИМинин комментарийинде эгер оппозиционердин ууланганы тастыкталса, АКШ буга чара көрүүгө бел байлап жатканы айтылган. Буга байланыштуу Кремль курулай айыптоолорго жол бербөөгө чакырган. Комментарийде Орусия жетекчилери окуяны болушуна терең жана калыс талдоону жактай турганы айтылган.

Кремлдин саясатын сындап жүргөн 44 жаштагы Алексей Навальный 20-августта Томскиден Москвага баратып учакта эстен танган. Эки күн ооруканага жатып, 22-августта Германияга жеткирилген. Берлиндеги “Шарите” ооруканасынын дарыгерлери саясатчы ууланганын билдиришкен.

Булак: centralasian

Последние новости