www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эч нерсе үчүн кеч эмес...

Өзү жашаган шаардан, жүргөн чөйрөсүнөн, айтор жашоодон тажаган бир адам чөнтөгүндөгү бир аз акча менен жанына эч нерсе албастан ал шаарды таштап, мурда билип-көрбөгөн башка өлкөгө келет.

Бул жакка көнүүгө аракет  кылып жүрүп, бир күнү кокусунан чыккан катуу үндү угат.

-Театр! Театр келди! Бүгүн кечинде тетрга келгиле! Өткөрүп жибербегиле!

Адам жашоосу боюнча бир да жолу театрга барып көрбөгөндүктөн, кызыгып калат. Аңгыча билеттин кайда сатылаарын көрөт. Баасын сураса чөнтөгүндөгү акча менен тең. Эч нерсени ойлобой, болгон акчасына билет сатып алат. Кызыгуу менен көрүп отурат... Спектакль бүтүп, элдин баары тараса деле тиги адам жанагы калыбында отурат. Ал убакта залды тазалоочу бири келип, чыгуусун буюрат. Тиги адам: “Бул жердин мүдүрү кайда? Ал менен сүйлөшүшүм керек”, -дейт.

Спектаклдын таасиринде мүдүр менен сүйлөшүп, кандай жумуш болбосун жасаарын айтып, бул жерде калууну каалаганын билдирет. Мүдүр ага бактысы бар экенин, так ушул убакта тазалагыч керек болуп атканын айтат. Анан көп убактан бери тазаланбай турган китепкананы тазалап чыгуусун буюрат.

-Мына ушул жерди тазалап чык. Эгер жактырсам, ишке алам сени, -деп басып кетет.

Театрга болгон сүйүүнүн деми менен берилген убактан мурда тазалап бүтүрөт адам. Мүдүр көрмөйүнчө ишенбейм дегенсип, аны башкалар сымал көчө таптаган бирөө деп ойлогон. Бирок, бөлмөнүн тазалыгын карап, көргөн көзүнө ишене албай калат. Канчадан бери ичине эч ким кирбеген бөлмө жаркырайт тим эле... Мындай тез кыймылдаган жөндөмдүү адамды дароо ишке алууну чечет.

-Сени алдым ишке.

-Бирок, менин жата турган жерим жок.

-Анда биякта жатасың, ишти да эртерээк баштайсың.

Ойлогону ишке ашып, өзүнө ыраазы боло бөлмөдөн чыгып бараткан адамды токтотуп: “Атың ким эле сенин, бул жакка жазып коеюн”,-дейт, мүдүр. Алган жообу болсо:

-Уильям! Уильям Шекспир!..

Бул окуя адамды толкундантып, ошол эле убакта илхам берет. Шекспир театр дүйнөсүнө дал ушинтип келген экен. Болгондо да 40 жашында... Театрга ошол жашта келип, көшөрүү менен талыбас эмгектин аркасында дүйнөгө белгилүү чыгармаларын жараткан. Кесибине өзгөчө маани берип, жашоосу боюнча күнүнө 3 эле саат уктачу. Таң эрте оюнга даярданып, спектаклда ойнойт, кечкисин чыгарма жазат... Бул ушинтип улана берген.

Окуп жатып, байкасаңыз керек. Демек эч нерсе үчүн кеч эмес. Адам кааласа мүмкүн эмес көрүнгөн нерселерди чындыкка айланта алат. Жүрөгү менен каалап, ал үчүн талбай аракет жасаса – эч нерсе үчүн кеч эмес. Канча жашта болсо деле...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости