www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Улуттук банкынын алтын-валюта резерви 3 млрд. 82 млн. долларды түздү. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов 26-августтагы брифингде билдирди.

Ал мындай көрсөткүчтү Улуттук банк түзүлгөндөн берки тарыхый чек катары баалады.

Абдыгуловдун айтымында, алтын-валюта резерви мамлекеттин импортунун алты айга чейинки төлөмүн камсыздоого жетет.

Буга чейин коомчулукта пандемиядан улам пайда болгон оор шартта Улуттук банктын карамагындагы алтын-валюта запасын колдонуу тууралуу сунуштар айтылган.

Улуттук банктын жетекчилиги жана өкмөт өкүлдөрү өлкөнүн алтын-валюта резервин пайдаланууга азырынча негиз жок экенин жана ал каражат финансы системасынын туруктуулугун кармап турууга багытталганын билдиришкен. Кыргызстан социалдык-экономикалык туруктуулукту камсыз кылуу жана бюджетти колдоо үчүн 2020-жылы чет жактан жалпысынан 742,9 млн. доллар жардам алганы жатат.

Булак: centralasian

Последние новости