www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Тазалык” муниципалдык ишканасы шаардын көчөлөрүнө жана тротуарларына себүү үчүн туз камдап жатат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, күз-кыш мезгилинде тазалоо иштери 1-ноябрдан баштап март айынын башында жыйынтыкталат.

“25-августка карата ишкананын кампасында 1 миң 216 тонна туз бар, анын ичинен 543 тонна жакында алынды, 673 тонна өткөн жылдан калган туз. Кыш мезгилине 6 миң 500 тонна туз даярдоо пландалууда. Жолдорду кардан жана муздан 26 бирдик атайын техника тазалайт”, – деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, күз-кыш мезгилиндеги тазалоо иштери Бишкек шаарынын көрктөндүрүү эрежелеринин талаптарына ылайык жүргүзүлөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости