www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов мамлекеттик органдардын катышуусунда өнөр жай ишканаларын жана инвестициялык долбоорлордун кураторлук механизми боюнча кеңешме өткөрдү. 

Кеңешменин жүрүшүндө бул механизм ишканалардын карантинден кийинки (өзгөчө кырдаалдар жана өзгөчө абал режиминен) иш-аракеттерине жагымдуу экономикалык жана уюштуруучулук шарттарды түзүүнү, жакшы натыйжага жетишүү үчүн колдоо процессин жөнгө салуу, инвестициялык долбоорлордун ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү жол-жобосун тутумдаштырууну шарттары айтылды. Бул аракеттердин жыйынтыгы жумушсуздуктун деңгээлин төмөндөтүп, иш орундарын түзүүнү камсыз кылат. 

Механизмге ылайык, ар бир өнөр жай ишканасына жана инвестициялык долбоорго мамлекеттик органдын жетекчиси куротор болот, ал эми долбоорлорду жүзөгө ашыруу боюнча координацияны өлкө Премьер-министри жүргүзөт. 

Кубатбек Боронов жыйындын жүрүшүндө бул механизмди түзүүгө коронавирус инфекциясынын глобалдык пандемиясы, анын Кыргыз Республикасынын экономикасына тийгизген таасири түрткү болгонун белгиледи. 

Өкмөт башчы кураторлук механизмин киргизүү менен бир катар маселелер, анын ичинде Covid-19дун өлкөнүн өнөр жай ишканаларынын экономикалык ишмердүүлүгүнө жана инвестициялык климатка тийгизген таасирине байланыштуу маселелерди ыкчам чечүүгө негиз болорун билдирди. 

Премьер-министр өнөр жай ишканаларынын жана инвестициялык долбоорлордун тизмесине белгилүү мөөнөттө ишке ашыруу мүмкүн болгон объектилер киргенин белгиледи. Тизме тийиштүү анализдин негизинде түзүлдү. Ошол эле учурда ал кураторлук кылуу жана колдоо көрсөтүү үчүн мүмкүнчүлүккө жарша толукталып турат. 

Премьер-министр ошондой эле кураторлук механизми Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн антикризисттик планынын экинчи пакетине киргизилгенин кошумчалады. 

Кеңшеменин соңунда Премьер-министр Кубатбек Боронов ар бир өнөр жай ишканасы жана инвестициялык долбоор боюнча кураторлорду дайындады, алар өз кезегинде бекитилген ар бир долбоор же ишкана үчүн түздөн-түз жооп беришет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости