www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Экономикадагы абал жакшырбаса, бюджетте каралган каражаттар пропорционалдуу түрдө кошумча кыскартылышы ыктымалбы?", - деген суроого вице-премьер-министр Эркин Асрандиев 11-июндагы брифингде жооп берди.
Анын айтымында, пандемия май айынын жыйынтыгы боюнча экономикага кандай таасирин тийгизгенин июнь айында көрүүгө болот.
"Бизде абал өтө тез өзгөрүп жатат, мындай кырдаал дүйнө жүзүндө да болуп жатат деген ойдомун. Ошондуктан карантин жана бул пандемия майдын жыйынтыгы боюнча экономикага кандай таасирин тийгизгенин июнь айында көрө алабыз. Ал эми июль-августта бул кризистен бара-бара кайра калыбына келип жатканыбыз көрүнөт жана албетте, бюджет тийиштүү түрдө оңдолот жана калыбына келет. Мында оңдоолор биздин экономикалык көрсөткүчтөрүбүз өнүгө турган сценарийлерден көз каранды болот", - деп жооп берген Эркин Асрандиев.
Булак: NazarNews.kg