www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 11-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында спикер Дастанбек Жумабеков Коргоо иштери боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Нурсеит Кедеевге "Дастан" дегенде завод деп сүйлөсөңүз" деп кайрылды.

"Дастан" дегенде "Дастан" заводу деп сүйлөсөңүз. Бул жерде Дастан Далабаевич (ред. Дастан Бекешев), мен отурам. Туура эмес түшүнүк болуп калып жатат", - деди ал.

Кедеев бул үчүн кечирим сурады.

Ага чейин Нурсеит Кедеев Дастан Бекешевдин суроолоруна жооп берип жатканда "Дастан" заводу тууралуу айтып жатып, завод деген сөздү кошпой айткан.

Жыйында "Кыргыз Республикасынын аймагындагы бириккен орусиялык аскердик базанын турушунун статусу жана шарттары жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Орусия Федерациясынын ортосундагы макулдашууга толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө” мыйзам долбоору каралып жаткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости