www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өлкөнүн Түштүк борбору Ош шаарында ишин баштаган "Кыргыз Унаа Курулуш заводу" келечекке ишеним жаратты! Бул "Ихлас" курулуш компаниясы, "Каганат Инвест" тарабынан курулган алгачкы завод эмес.

Күзүндө өлкөдө теңдеши жок, 4,5 миң жумушчу иштей турган "Кыргыз Текстиль" ири ишкана ишке берилгени турат. Демек эки ири заводдо эле 10 миңге жакын жумуш орун, "Ихлас" курулуш компаниясында 3 миңден ашуун, башка компанияларындагы жумушчуларды алганда 20 миңдин тегерегинде адам иш менен камсыз болуп жатпайбы.

Эми бул сырткы көрүнүшү. Жаңы иштеп жаткан "Кыргыз Унаа Курулуш" заводу чакан жана ири ГЭСтер үчүн сырттан миллиондогон долларга сатылып келип жаткан электротрибуналарды, электромобилдер менен электроавтобустарды өндүрүп, өлкөгө зор кирешелерди алып келери айдан ачык! Эми мамлекет ушундай зор иштерге тоскоол болбой, бут тоспой, жакшы шарттарды түзүп берсе эле өлкө дүркүрөп өнүгө баштамак!

Өлкөдө ондон ашуун ири компаниялардын, заводдордун негиздөөчүсү Нурбек Осмоновдун келечекке карай өтө зор амбициялуу пландары бар.

Ихлас" менен ишкердин жер чатагы

Тарыхты, маданиятты, илим-билимди мыкты түшүнгөн, билген, күйгөн Нурбек мырза 10 жылда өлкө бюджетиндей кирешеге ээ болуп, ар бир район менен шаарга Кембридж системасындагы мектептерди куруп, таланттуу балдарды бекер окутам, маданият менен илим-билимге каражат аябайм деген планын угуп, өлкөбүздүн келечеги бар экен деп ишенип калдым. Нурбек Осмоновдой он ишкер жигит чыкса эле өлкөбүз өнүккөндөрдүн катарына өтөрү анык!

Ушундай ийгиликтерди жараткан, өлкөбүздүн өнүгүүсүнө ишеним арттырган Нурбек Осмоновду мурда таанычуу да эмесмин. Маалымат каражаттарында маал-маалы менен чыгып калган ар кыл маалыматтардан улам гана сыртынан билчүмүн.

Каганат Инвест» — генеральный спонсор Кыргызского футбольного ...

Терс пикирдеги маалыматтардан улам пикирим да терс эле. Өткөн жылы капысынан таанышып калдым. (Жакшы ишти баштаса таптакыр жаны тынбаган, адамдарды бири-бири менен тааныштырып, жакшы иштерди дароо элге жар салган Нургазы Мусаев деген үкам тааныштырган эле). Кытай досторум инвестиция алып келип, өлкөгө электромобиль чыгарган завод курабыз деп, аны мамлекет башчыбыз да колдоп, эми мамлекет жардам берсе заводдуу болобуз деген ниетте жүргөн учур эле. Көрсө ал учурда келечекте электромобиль чыгарам деп, азыркы заводдун курулушун эчак баштап, бүтөйүн деп калган кези экен, Нурбектин.

Кийин заводдун иши менен Кытайга да чогуу барып, алыскы жолдо кенен-кесири сүйлөшүп, келечекке карата жакшы пикирлерин, тилектерин угуп, жакындан билдим. Мээмди тумандаткан ал тууралуу терс пикирлер жок болду.

Нурбек мырза 10 жыл мурда катардагы майда иштерден курулуш иштерине өтүп, ал түптөгөн "Ихлас" кыска аралыкта өлкөдөгү эң ири курулуш компаниялардын бирине айланыптыр. Жасаган иштерине мактанбаган, байлыгына көппөгөн, тоскоолдуктар менен бут тосууларга чөкпөгөн, пейили ток, ыйманы таза мыкты жигит экен. Ишти мектепке парта жасоодон баштап, анан мектеп курулушуна өтүп, андан үй курууга киришкенин угуп, дайыма таза жолдо жүргөнүнө ынандым. Кунтуу айылындагы жетимдер үчүн заманбап Кембридж мектебин түптөп, чет өлкөдөн мыкты мугалимдерди чакырып иштетип жаткан мектебин көрдүм. Ар бир район менен шаарга ушундай мектепти курам деген амбициялуу планын да ошол жерден уктум. Бишкек менен Ош шаарына ошондой мектептерин баштаганынан кабардар болдум.

Кыскасы биз көргөн бул завод Нурбек Осмоновдун алгачкы эле кадамы. Алдыда дагы амбициялуу көп пландары ишке ашса өлкөбүздүн өнүгүшүнө кенен жол ачылат. Анын баштаган иштери башка ишкерлер, бизнесмендер үчүн да өрнөк. Жакшы тилектери, максаттары ишке ашса, ага Баатырдык наам да аздык кылат!

Кыяс Молдокасымов, тарых илимдеринин кандидаты

Булак: NazarNews.kg

Последние новости