www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркияда качып жүргөн экс-губернатор Эркин Тентишевге бир канча кылмыш иштери козголгону кабарланды. Жасалма дипломунан сырткары, каржылык мыйзам бузуулар, алдамчылык таризиндеги былыктары кашкайып чыгууда. Учкай токтололу.

Маселен, “Tentishev Satkynbai Memorial Medikal Insritute” окуу жайына Аида Токтоматова 29 пайыз ээлик кылганына карабай, жасалма жол аркылуу Эркин Тентишев буйрук чыгартып, мыйзамды одоно бузуу менен өз карамагына өткөзүп алган.

Бул боюнча тийешелүү органдар тарабынан иликтенип, көз боёмочулук жасалганы аныкталып, кылмыш иши козголуптур. Ошондо Аида Токтоматова “кол койгон” дедиртип, “жасатканы” ырас.

Бул жагын юстиция министрлигинин соттук-экспертизасы фактылардын негизинде ашкерелеген. Окуу жайдын ачылышы боюнча кичине артка чегинели. Бул демилгени Эркин Тентишев убагында көтөрүп, Ахматбек Келдибековго келип, негизинен чет элдик студенттерди тартуу үчүн институт ача турганын, ага учредитель катары Аида Токтоматованы кошууну айтып, сураныч келтирет.

Маселенин маңызына келсек, каржылык жактан колдоо керек болгон. Ошентип, саамалык башталат. Ахматбек Келдибеков жубайы Аида Токтоматовага институттун 29 пайызын жаздырып, ар убак каржылык колдоосун жасап турат.

Тилекке каршы, алма шак мөмө бере баштаганда Эркин Тентишев кыйшаңдап, бузуку оюнун баштайт. Бир топ убакыт өтөт. Акыры берегидей алдамчылык жол менен кыска убакытка гана максатына жетип, бирок шибеге капты тешип чыккандай, баары ачыкталып атпайбы. Натыйжада, Эркин Тентишев адамгерчиликсиз, кыска ойлонгон кадамы менен өз башына мүшкүл жасады.

Булак: Азия News гезити

Последние новости