www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Nazarnews маалымат агенттиги экс-депутат Эркингүл Иманкожоеваны кепке тартып, талашка түшкөн спикерлик кызмат жана пакистандыктар Кыргызстандын окуу жайларын кара тизмеге киргизгени боюнча пикир алыштык.

-Эркингүл эже, спикерди кызматтан алуу  үчүн депутаттар арасында  кол топтоо башталыптыр.  Спикерликке Мыктыбек Абдылдаев татыктуубу же аты көбүрөөк аталып жаткан Талант Мамытовбу? Кимисинин кадыры чоң?

-Негизи тажрыйбасы, сүйлөгөн сөзү, иш билгилигин, адискөйлүгүн эске алсак, Мыктыбек  Абдылдаевден өтөөр талапкер жок. Менимче азыр спикерди алмаштыруунун кереги деле жок! Анткени, мамлекет туңгуюкка кептелип турат. Булар болсо элди, өлкөнү ойлогондун ордуна бийлик талашып бүтүшпөй койду. Садыр Жапаров “мамлекеттик чиновниктерди алмаштырбайм” деп айтып алып, эми спикерди алмаштырууга ашыгып жатат. Чынында Төраганы алмаштырганда эмне өзгөрөт? Депутаттардын мөөнөтү бүттү го. Укуктук талаага келгиле анан мамиле түзүүнү улантабыз деп баардык донордук мамлекеттер, кошуна мамлекеттер тескер карап турушат. Тышкы иштер министри болсо, чуркап акча сурап ар кайсы мамлекетке барып жатат. Садыр  Жапаров мыйзамдуу талаага келиши керектигин качан түшүнөт! Күн сайын, саат сайын мамлекет туңгуюкка кептелип жатканын түшүнөбү? Өзү элди ойлогон бийлик барбы?!

-Баса, Пакистандыктар Кыргызстандын окуу жайларын кара тизмеге киргизиптир. Бул нерсе Кыргызстан үчүн утулушпу?

-Негизи Пакистандыктардын реакциясын күтүлгөн эле нерсе болчу. Роза Аманова ачкан Медициналык академиядан профессионал адистер чыгаарына элдин күмөнү бар эле. Эгерде медициналык академиянын ректору ырчы болсо, окуу методикасы стандартка дал келбесе, кантип врачтарды чыгарат. Пакистандык болобу, Индиядан келген студенттер болобу, өз өлкөсүнө барганда адамдын өмүрү үчүн күрөшүшү керек да?! Роза Аманованын медициналык академиясына окшогон жогорку окуу жайлар биздин мамлекетти уят кылып, имиджибизге терс таасирин тийгизди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости