www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги экс-депутат Эркингүл Иманкожоеваны кепке тартып, Аскарбек Шадиевдин айланасында жаралган маселе тууралуу пикирин уктук.

--Неге Шадиевди Кыргызстанга алып келүү аракети көрүлбөй, жеңилдетилген жаза берилип,  аяр мамиле жасалып жатат?

--Мен да ошого таң калып жатам. Баарынан кызыгы, Шадиев Кыргызстанды тоноп кеткен акчага АКШда бизнес жасап жатат. Мыйзам баарына бирдей экенин эске алып, аны эркелетип, жазасын жеңилдетпей эле Кыргызстанга алып келип, жоопко тартыш керек. Болбосо коррупция менен күрөштүн дайыны чыкпай калат.

Эгер коррупция менен чындап күрөшүүнү максат кылсак, Шадиевби, башкасыбы, ичип-жеген акчасын кусуп, жоопко тартылышы керек. Антпесе оор берене менен кылмыш ишин козгоп, жеңилдетилген жаза бере берсе элдин үмүтү акталбайт. Нааразычылыктар күч алып кетет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости