www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Европа Кытай менен муздак согушту көздөйбү?

Европа Бирлигинин тышкы саясат боюнча башкы өкүлү Кытайдын тышкы иштер министри менен жолугушуусунда Европа бул өлкө менен "муздак согушту" каалап жаткан жок деп айтканын билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Акыркы күндөрү АКШнын аткаминерлеринин ар кандай маселелер боюнча анти-кытайлык эскертүүлөрү күчөп аткан учурда, ЕБнин тышкы саясат боюнча башчысы Жозеп Боррель уюм Кытай менен тирешүүнү болтурбоо ниетинде экенин жарыялады.

"Мен Кытайдын тышкы иштер министри Ван Иге Европа Кытай менен муздак согушка барбайт, тынчсызданбагыла дедим", - деди.

Боррель БУУнун Коопсуздук Кеңешинде Ирандын курал эмбаргосун узартуу жөнүндө Кытайдын тышкы иштер министри менен сүйлөшкөнү же жоктугу тууралуу берилген суроого мындай деп жооп берди:

“Америка Кошмо Штаттары өзөктүк келишимден чыгып кеткен жана өзөктүк келишимдин көз карашында бул маселе (курал эмбаргосу)  боюнча кызматташа албайт. Алардын чыгып кеткени айдан ачык”.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости