www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги экс-депутат Эркингүл Иманкожоева менен Кубанычбек Жумалиев жана Сыймык Жапыкеевди байланыштырган маселе боюнча баарлаштык.  

--Эркингүл эже, Сыймык Жапыкеевге эки оор берене менен кылмыш иши козголуп, Кубанычбек Жумалиевдин үйү тинтүүгө алынды. Бул жерден кимиси катачылыкка жол берди?

--Сыймык  Жапкыевди сотко береби же бербейби Кубанычбек Жумалиевдин өз иши, анын укугу. Бирок, Жумалиев ошончо байлыкты өз эмгегин менен тапты дегенге, мен эч качан ишенбеймин. Ал Акаевдин доорунда көптүн шары менен мыйзамсыз менчиктештирүүгө катышкан. Ошондо ээ болгон объектилерди, мамлекетке өз ыктяры менен өткөзүп бериши керек! Куранды кармаганда, "менде бир гана "ГОИН" бар башка, эч нерсем жок" - деди. Ошондуктан "Гоинден" башкасын мамлекетке өткөзүп берсин! 

Ошондой эле 1998-жылы 20-майда Барскоондо экологиялык катастрофа болуп, “Кумтөр” кампаниясынын айынан, 2000 адам ууланып, андан каза болгондор болгон. Ошол учурда Кубанычбек Жумалиев премьер-министр болчу. “Кумтөр” компаниясы менен "Тынчтык келишимин" Торонтодо Канадада түздүрүп, элди кайгыга салып, мүңкүрөтүп,  чет элдин кампаниясына бастырып, тебелетип берген. Бул киши  “Кумтөрдөн” түшкөн  миллиондогон долларды каалагандай калчап, ошондон байыган уятсыз адам деп билем!

--Сиз доомат коюп жаткан тынчтык келишимде эмнелерге басым коюлуп, жоопкерчилик кимге жүктөлдү эле?

--Тынчтык келишимде, элдин атынан Өкмөт кол коюп, “эл үчүн жоопкерчиликти алабыз “Кумтөр Оперейтинг” компании жоопкерчиликтен бошотулат”,- деген келишим болгон. Элге кыянатчылык келишимди мына ушул Кубанычбек Жумалиев башында  турган өкмөт түзгөн. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости