www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Владимир Путинге болгон ишеним 25 пайызга чейин төмөндөдү. Апрель айында ал 28 пайызды түзгөн. Бул тууралуу “Левада-центр” борборунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, "Левада-центр" борбору "сиз эң ишенимдүү 5-6 саясатчыны атап бериңиз",- деп сурамжылоо жүргүзгөн.

Жыйынтыгында РФнын президенти В.Путиндин саясый рейтинги бул жолу болгону 25 пайызды түзгө алган. Бирок, Путиндин дагы деле болсо Россиядагы саясатчылардын рейтингинде биринчи орунда турат. 

Ал эми россиялыктар Коргоо министри Сергей Шойгуга (14 пайыз), премьер-министр Михаил Мишустинге (11 пайыз), ЛДПРнын лидери Владимир Жириновскийге (10 пайыз) жана Алексей Навальныйга (4 пайыз) ишеним көрсөтүшкөн. 

Ошондой эле, сурамжылоого катышкандардын он алты пайызы эч кимге ишенбестигин айтышса, 33 пайызы добуш берүүдөн баш тарткан. 

Белгилей кетсек, учурда Россияда саясый ички талкуу акырындык менен күч алды. В.Путиндин хан тактыдан толугу менен кетиши айтылууда. Айрым такталбаган маалыматтарга таянсак Москва шаарынын мэри Сергей Собянинге оомат келип, президент болуп калышы ыктымал. 

Эске сала кетсек, Сергей Собянин 1958-жылы 21-июнда төрөлгөн. Үй-бүлөөлүү, эки кыздын атасы. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости