www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү мыйзамсыз иштерди жасап, кылмыш жаза жоопкерчилигинен баш тартып Россия Федерациясынын аймагында жашынып жүргөн Кыргыз Республикасынын Укук коргоо органдары тарабынан издөөдө жүргөн жарандарды аныктоо боюнча ишин улантууда. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

"Кыргыз Республикасынын ИИМдин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү Россиянын укук коргоо органдары менен биргеликте  Кыргыз Республикасынын аймагында кылмыш жасагандыгы үчүн эл аралык издөөдө жүргөн Ч.Н. аттуу Кыргыз Республикасынын жараны аныкталып кармалды. 

Аталган Талас облусунун тургуну, 1992-жылы туулган Ч.Н. аттуу жаран, 2019-жылдан тартып Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин (мурдагы редакциясы) 166-беренесинин 3-пунктун 2-бөлүгүндө каралган кылмыш (кыйла чоң өлчөмдө жасалган алдамчылык) жасагандыгы үчүн Бишкек шаарынын Свердлов райондук ИИБ тарабынан издөөгө алынган. 

Бишкек шаарында 2015-жылдын ноябрь айларында, жеңил авто унааларынын ээси кызыктырарлык убадалар менен ага «Mercedes-Benz Sprinter»  үлгүсүндөгү авто унаа сунуштап,  «Mazda Atenza» жана «Subaru Forester» үлгүдөгү авто унааларына алмаштырган. Ал эми, «Mercedes-Benz Sprinter» авто унаасын жакынкы арада өзүнө каттатып берем деп, убадалап ошондон кийин жок болуп кеткен. 

Бирок, Mercedes-Benz Sprinter жеке менчик укугунда жакынкы тууганына таандык болуп, андан тышкары аталган унаа микрокредиттик мекемеде күрөөгө коюлгандыгы аныкталган.

Ал мезгилге чейин, Ч.Н. аттуу жаран «Mazda» жана «Subaru» үлгүсүндөгү авто унаасын сатып, анын негизинде табылган акча каражаттарын өзүнө коротууга жетишкен. Биринчисин башка авто унаага алмаштырып күрөөканага тапшырган, экинчисин башка адамдардан алдын ала акча алып күрөө катары калтырган. Кылмыштуу алдамчылык аракеттердин жыйынтыгында, жабырлануучуга 607 900 сом өлчөмүндө материалдык зыян келтирген. 

Андан соң, Ч.Н. аттуу жаран жашырынам деген үмүт менен Россия Федерациясына кетип калган. 

Азыркы учурда, издөөгө салган орган маалымдалып, изделген жаран Москва шаарынын тергөө абагында кармоого алынган, ошондой эле Минск конвенциясына ылайык экстрадициялоо маселеси чечилүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости