www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эрлан Абдылдаев ээрден ыргыйт?

Учурда КРнын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевдин да креслосунан ыргытылаары туурасындагы айтылган айың кептер чындыкка жакындап ба­ратат. Абдылдаев жөн эле кыз­матынан алынбастан ага кара­та «Коррупция» беренеси боюн­ча кылмыш иши козголуп, те­мир тордун ары жагына кирип калышы тууралуу сөздөр Ак үй­үндө да, Көк үйүндө да, жалпы эле маалымат талаасында ай­тыла баштады.

Анан калса азы­ркы тапта УКМК тышкы иштер министри Э. Абдылдаевге жана анын айланасындагыларга ка­рата текшерүү жүргүзүп жатка­ны ачыкка чыкты. Бул тууралуу юридика илимдеринин док­тору, БШКнын мүчөсү Кайрат Осмоналиев билдирди. Ошон­дой эле ал Абдылдаев тууралуу айрым фактыларды аныктоо ириетинде Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматына чакы­рылып, алардын суроолоруна жооп берип чыкканын, аталган комитет Абдылдаевдин иштерине өтө катуу көзөмөл кылып жатканын билдирди.

Ал эми сурак эмне туурасында бол­гонун К. Осмоналиев мыйзам­ды сыйлаган адам катары аки- чүкүсүн айта албаарын, антке­ни суракта кандай нерселер ай­тылганы же суралганы боюнча жарыя кылбоо үчүн атайы тил кат жазып бергенин билдирди.

Эмне үчүн Кайрат Осмонали­евдин антип УКМКга чакырыл­ганына божомол салсак, мурда Осмоналиев Vesti.kg сайтына Башпрокуратура Эрлан Абдыл­даевге карата 2006-жылы эле «Коррупция» беренеси менен кылмыш ишин козгогондугун жана ал кызматынан кыянат­тык менен пайдаланып, мам­лекетке ири өлчөмдө зыян кел­тиргендигин айткан эле. Бул болсо анын 2005-жылдары Кы­тайдагы Кыргыз Республика­сынын ыйгарым укуктуу өкүлү болуп иштеген жылдарга туура келет экен...

Булак: "Айгай"

Последние новости