www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эгер мыйзам боюнча айтсак, анан дагы жакында эле болуп өткөн эне тил күнүндө айтылган журт башчыла­рынын «жалындуу» сөздөрүнө таянсак эне тилин ар бир жогорку кызматтагы чиновник билиши жана урматташы керек. Президенттин алдындагы жа­нагы Тил коммиссиясы да ушундай ойлордун негизинде түзүлгөн да? Тил коммиссиясы демекчи, жакын­да Бишкек шаарынын башчылыгы­на жападан жалгыз талапкерлер Азиз Суракматов дайындалаарда ошол Тил коммиссиясы аркылуу сынак берди эле го.

Бирок, мисалы анын «эл» деген сөздү «эль» деп, «шаар» дегенди «шар» деп жазган («2» деген баага татык­туудай болгон) «экзамени» көптөгөн адамдарда нааразычылыкты жара­тып, ал нааразычылыктар митингдер менен да коштолгон. Андан кийин журналист Канышай Мамыркулова Бишкек жана Ош мэрлери мамлекет­тик тилден экзаменди «Кыргызтест» системасы боюнча тапшыруу туура­луу БШКга да, сотко да арыз менен кайрылган. Борбордук Шайлоо Ком­мисиясы бул факт боюнча Азиз Су­ракматовго кыргыз тилинен экзамен­ди кайра «Кыргызтест» системасы ме­нен тапшырууну сунуштаган чечимин чыгарган. Жакында мэр Суракматов мэриядагы юридикалык бөлүмүнүн оозу менен «кыргыз тилинен экзамен­ди кайра тапшырууга юридикалык негиз жок» деген корутундусун чы­гарып, эне тилден экзамен берүүдөн баш тартты. Ушундай көрүнүштөрдөн кийин Кыргыз Республикасынын Тил коммиссиясы эне тилди коргобой эле жөн эле «дүжүр» коммиссия болуп калгандай ойду жаратат экен, анан да тигинтип жаңы мэрибиз бүтүндөй бир мамлекеттин килтейген БШКсы­нын сунушун өзүндөгү кичинекей бир юротдели менен четке кагып жатса.

Эне тил туурасында Казахстандын Эл жазуучусу Мухтар Шахановдун жүрөктү көсөп өтчүдөй жакшы ай­тканы бар. Анда, эл жазуучусу ар бир адамда өз энеден башка да төрт эне болоорун, алар: туулган жери, та­рыхы, каада-салты жана эне тили эке­нин айтып, мына ушул төрт энеге ди­лин кое албаган адамдардын баштары кайда гана калбаганы, ошол «төрт» энени коргобогон элдердин бак-жыл­дызы эч качан жанбаарын жазган...

Анан ушундайда эне тилинин бар­кын, маңызын билбеген Суракматов сыяктууларлар жетекчилик кызмат­тарда турганда өлкөнүн өнүгүп кетээ­рине деле ишенбей кетет экенсиң.

Нурдин Асанов

Булак: "Айгай"

Последние новости