www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орто кылымдык Фран­цияда Бастилия аба­гында кайсы бир тут­кундун аты-жөнү айтылбай, ал купуя сыр болгону туура­сында уламыш боло турган. Ал өзүн таанытпаш үчүн жана хан сарайдагы сырлар ачыкка чыгып кетпеши үчүн дайыма бетине темирден беткап кий­ип жүрчү экен. Минтип Ор­то кылымдагы тарыхты ми­сал кылып жатканыбыздын себеби Кыргызстандагы так ошондой «беткапчан киши» Мусажан Макелек болчудай. Себеби, ага карата козголгон кылмыш иши боюнча жаг­дайды бийлик катуу сыр бой­дон кармап турагандай туюм жаратууда. Андай болсо бул табышмактуу козголгон кыл­мыш ишинде, анын артын­да эмне катылуу, кандай сыр болду экен?

Анын камалышы капылеттен эле белгилүү болду. Эске салсак, 8-августта Биринчи май район­дук соту 8-августта баш коргоо чарасы катары аны 2018-жыл­дын 13-октябрына чейин ка­макка алуу боюнча чечим чы­гарганы туурасында маалымат тараган. Бир билгенибиз, ал “Бишкек ЖЭБдин иши боюнча камакка алынган” делди. Анын табышмактуу жагдайлар менен камалып калышына ал тургай Жогорку Кеңештеги депутаттар­дын кээ бирлери өздөрү кошо таң калыштуу жагдай болгонун айтып чыгышкан. Анан калса Бишкек ЖЭБи боюнча түзүлгөн депутаттык иликтөө коммисси­ясынын изилдөөсүндө ал жигит туурасында бир жеринде да сөз болгон эмес. Коммиссиянын ко­рутусунда дагы айрым атка ми­нерлерге укуктук баа берүү бо­юнча тизмеде да анын аты-жөнү аталган эмес. Айрым депутаттар Кытайлык ТВЕА компаниясы­нын биздин Кыргызстандагы өкүлү Мусажан Макелектин ка­малышын “бул Кыргызстандын ички иши болду окшойт, мунун баарын Кыргызстандын атка минерлери жасады” деген ой­лорун айтканы бар. Анан кал­са анын кандайча камалганына байланыштуу УКМКда массалык маалымат каражаттарына, ко­омчулукка азыркыга дейре бир да түшүндүрмө бербей келет.

Анын атасы Өмүрбай уулу Макелек таанымал инсан. Кы­тайдагы кыргыздардан чык­кан белгилүү окмуштуу.1956 –жылы Кытайда туулган жана бүт өмүрүн кыргыздардын та­рыхы менен филологиясына ар­наган. Өмүрбай уулу бир нече университеттердин профессору, алардын ичинде Бишкектеги И. Арабаев атындагы университет да бар. Ал Кыргызстанга кыргыз тарыхынын башталышындагы кайгылуу мезгилдерге жарыгын тийгизе алар чексиз баалуу 15 көөнө кол жазманы алып келген. “Манас” таануу жана ошондой эле бул гениалдуу эпосту кеңири таанытуу жаатында да көп эмгек сиңирген. Ошондуктан Өмүрбай уулунун Кыргызстанда “Манас” ордени менен сыйланганы да бекеринен эмес. Сыйлоо жөнүн­дөгү жарлыкта айтылгандай, ал Кыргызстандын элинин та­рыхый жана маданий мурасын сактап калууга жана өнүктүрүү­гө ири салымын кошкон. Анан ушундай татыктуу адамдын та­тыксыз уулу болушу мүмкүнбү?

Укук коргоочу Токтайым Үме­талиева Мусажан Макелектин коомдук жактоочусу болгонго аракеттенген, бирок тилекке каршы судья буга мыйзамды бу­зуу менен тыюу салган. Бирок, Токтайым эженин ачык бил­диргенине таянсак бул жигит­тин атасын жакшы билет, ошон­дуктан анын камакка алынган уулун коргоону өзүнө алууга аракет кыла берүүсү турган иш десек да болот. Баарыбызга эле маалым болгондой, Макелекке каршы иште эч бир далилдер – аудио жазуу да, тартып алуулар да жок. Болгону бизге жеткен маалыматтар боюнча бир га­на нерсе – кыргызстандык мур­дакы чиновниктердин биринин ташып барган чагым сөзү гана бар экени анын камалуусуна шарт жараткандай. Анын айты­мында Мусажан мас болуп оту­руп, Сапар Исаковго кандайдыр бир акчалар салынган портфел­ди алып барып бергенин айткан имиш. Бул жерде «бирок» деген бир сөз бар: Токтоайым Үмета­лиеванын сөзү боюнча Мусажан ичкиликти таптакыр оозуна ал­байт... Ушундайда бир ой жара­лат, Кытайдын жараны болсо да Мусажан Макелек ТВЕАнын Бишкектеги өкүлчүлүгүндө­гү кызматкерлердин арасынан жападан жалгыз этникалык кы­ргыз болгон. Балким аны так ушул себептен улам “кайыр­макка илишкендир”? Учурда, анын аялы кичинекей эки бала­сы менен калып отурат. Анын үстүнө тинтүү учурунда болгон нак акчасын да алып коюшкан­дыктан (Үметалиеванын ай­тымында, акчаны алуу боюнча акты да түзүшкөн эмес), келин­чегинин кандай оор кырдаалда калганы айтпаса да түшүнүк­түү. Айтмакчы, ЖЭБ боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жаткан учурда Мусажан 24 жашта бол­чу. Кызык жери, ушундай жаш балага миллиондор салынган чемоданды ким ишенип бермек эле? Бул жагы да абдан эле шек туудурат...

Эгерде бул түйүндүн чечүүгө аракет кылсак, ЖЭБ иши боюн­ча эми баары ушул жигиттин кайратына байланыштуу эке­ни түшүнүктүү болуп калды ок­шойт. Эгерде ал күнөөнү өзүнө да, башкаларга да (аны буга түртө тургандыктары турган иш) жаппай турган болсо, анда ачык соттогу бардык айыптоо­лор сөзсүз бырын –чырыны чы­гат. Бирок анда дипломатиялык башка чоң маселе келип чыгаа­ры да толук мүмкүн. Андайда, КЭРдин бийлигине бул өлкөнүн жараны эмне үчүн кармалганын кантип түшүндүрүү керек? Ан­дыктан Мусажан Макелектин айланасындагы купуялуулук­ту катып турган парданын бир гана «сыры» тергөө органдары­нын иш жөндөмсүздүгү болуп чыгышы ыктымал.

Булак: "Айгай"

Последние новости