www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Адвокат Нурбек Токтакунов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлерине Сапар Исаковдун жакындарынын үй-жайын баалап чыгууга тапшырма берилгенин айтып чыкты.

“Катылган алтыны, банк эсептери жок экенин көргөндөн кийин эми алар анын жакындарынын мүлкүн камакка алып, тартып алганы жатышат. УКМК кызматкерлери анын жубайынын ата-энесинин батирин баалап чыгууга санкция алышты” деп жазды Токтакунов 4-октябрда "Фейсбуктагы" жеке баракчасына.

“Азаттык” бул билдирүүнү такташ үчүн УКМКга кайрылды. Мекеменин басма сөз катчысы Рахат Сулайманов тергөө жүрүп жатканын, бирок жогоруда айтылгандай маселе көтөрүлбөгөнүн билдирди.

Бишкек ЖЭБин жаңылоого байланыштуу кылмыш ишинин алкагында айыпталган мурдагы премьер-министр Сапар Исаков 5-июнда камакка алынган. Ал өзү бул иште "саясий боёк" бар экенин айтып келет.

УКМКнын тергөө изоляторунда отурган Исаковдун абактагы мөөнөтү 5-декабрга чейин узартылган.

Булак: "centralasian"

 

Последние новости