www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанга жылына миллиондогон акча тышкы мигранттардан келип түшөт.  Тилекке каршы, ал акчалар сарамжалдуу пайдаланылбай, бир тобу кредитке төлөнсө, калганы тойлорго короп жатат. Төмөндө дагы бир мигрант жашоосунан алынган окуяны Ысманов Чынгыз аттуу колдонуучу фейсбук баракчасына жазып чыккан:

Той!

Квартирада бир жаш үй бүлө менен кошо турабыз. Кече кечинде үйдө тополоң болуп жатыптыр түнү саат бирлер чамасында үйгө кирсем.

Чынында жиндендим кыйды-пычак уруш талашты көрүп, биринчиден менин кичинекей бир жашар баламын уйкусун бузганы үчүн, экинчиден коңшу комнатта жашаган дагы эки балага уйку бербегени үчүн, үчүнчүдөн катуурак жөтөлсөң да коңшуң милиция кызматкерин чакырып коюшу мүмкүн. Эгерде милиция келип текшерсе, эч кимиси жашаган дарекке регистрация кылган эмес... Эки жаштын күнөөсү үчүн башка адамдар жабыркап калышы толук мүмкүн.

- Айбек Гульмира урушуңар эмнеден чыкты, өзү үйлөнүп келгениңерге алты айдын жүзү болсо?

- Ээй Чынгыз ака, эмнеден чыгат дейсиз...баягы эле акчадан да.

- Ээй үка азыр сүйүүгө тойбой турган маалыңар кой антпе.

- Чынгыз ака быйыл ошол үйлөнүү тойдо, акча жетпей үч жүз миң сом кредит алдык эле, тойду кичинерээк ресторанда жасайлы десек, Гульмиралар тараптан меймандар көбүрөөк деп көнбөдү. Анан айласыз кредит алышка туура келди... Кече 20 миң рубль кредит төлөдүк, 10 миң рубль квартплата төлөдүк, жеп ичкенибиз, жол кире ж.б болуп акчабыз калбай калды.

Ошонун артынан уруш талаш келип чыгып атат, Гульмиранын тагасы той кылып жатат экен, ага беш миңден бир туугандары топтоп жатат, өзүм жактан авам уулун үйлөп жатат, биздин тойдо бир тай кошкон, анын акчасын салышым керек... Бирине тартсам бирине жетпейт, кыскасы тапкан акчабыз той кредит, той кредит, ошонон бир тыйын ашпай кээде өзүңүз көрүп тургандай квартплатаны да өз убагында төлөй албай жатабыз, той тойгозду аке...

Тойлор жаштарды тоноп, а кээде ажырашууга алып барып жатканын, кээ бир ата-энелер сезди бекен? Сиз, ооба сиз окуп жаткан окурманым, сиз балдарыңыздын бактысын ойлойсузбу же тойдубу? Тоюңар тойгозду миңдеген мигранттарды...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости