www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чек ара чыры чындап оюнчук эмес. Кертилип жок болуп кетсе кийинки муундун каргышы уктатпайт. Мындай пикирин жарандык активист Эрлан Бекчороев өзүнүн Facebook баракчасына жазды.
«Бийликте турган агалар, достор тааныштар бар. Көбү улуу башын кичүү кылып жеке катка жазышат. Ошондой эле карапайым элден көп кайрылышат. Бийликте туруп дагы бул жерин туура эмес кылышты мен айта албай жатам дегендер дагы көп. Кызматыбыз, карманган позициябыз эл үчүн. Эрнис Толтоев айткандай эмес, баары элдин кызыкчылыгы үчүн чечилсин деген ниет. Элдин кызыкчылыгына чечилсе кимдин тарапташы болбосун бийликти «ураалап» колдойт. Бийлик элди алдабай, жекирбей иштесе Иттин уулу Байгара деле бакырып колдоп чыгат.
Жарандык коом бийликтин душманы эмес! Кемчилигин гана айтат. Терикпеш керек. Жарандык коом менен бийликчилдердин айырмасы жарандык коом бийликтен айлык албайт, бийликчилдер айлык алат. Батыштан акча алып, орустан акча алып бийликке каршы чыгып жатат деген болбогон сөз...
Чек ара чыры чындап оюнчук эмес. Кертилип жок болуп кетсе кийинки муундун каргышы уктатпайт. Азыр бекем туруп «протоколду ачыктагыла» деген чыккынчылык же гуйбулук эмес. Элдин бир колго жыйылып талап кылганы кубантаарлык кадам. Ушундай элдин астында тик турганга эмне жетсин! Жер, элдин кызыкчылыгы ошон үчүн бийик турат эмеспи. Мен өлсөм ага-тууган, балдарым жер карабасын деген ыйык туурду бекем карманып турганыбыз бул - мекенчилдик. Бир топтун же партиянын атын мекенчил атаса эле мекенчил эмес. Чындык шу...
37-38-жылда дагы аталарыбызды аттыргандар өзүбүздөн эле чыккан, сырттан келген эмес. Алардын урук-тукуму бүгүнкү күндө жаркын жашоодо. Тегин айтып кемсинтсең түшүнгөн киши үчүн өлүмдөн жаман. Азыркы кадамыбыз дагы дал ушундай. Саясатчыларды, активисттерди жектеп чыккынчы, бузуку атоо анык чыккынчылык. Бийлик келет кетет. Эртеңки күн жаман. Ким бузуку (гуйбу) экенин тарых баасын бергенде кирерге тешик таппай каласыңар!...
Эртең ЖК комитетинде Кемпир-Абад боюнча гана ачыкталат. Баткенди унуттукпу? Азыр талаада калган элибиз үчүн тажиктерди карганыбыз менен бийлигизден гана талап кылабыз. Башка кимден? Анан дагы Баткен боюнча сурап алар кишибиз Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев! Башкалар Акылбек Жапаров, Эдил Байсалов, Бакыт Төрөбаев кыпчылбагылачы сураныч!», - деп жазган Бекчороев.
Булак: NazarNews.kg