www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Урмат Акунов: «Эл өкүлдөрүнүн чечимин күтө туралы»

Кыргы-өзбек чек арасын тактоо иштери боюнча маселе жакшы тарабына чечилсе бийликтин өзүнө эле жакшы, андыктан булар арканды узун таштап, жети өлчөп, бир кесиш керек. Мындай пикирин «Теңир-Тоо жаштар ынтымагы» коомунун төрагасы Урмат Акунов NazarNews маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.

-- Урмат мырза, бүгүн, 10-октябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча өкмөттөр аралык жаңы келишимдин долбоору "жашыруун" талкууланууда. Маселенин түйүнү чечилеби?

-- Мен чек ара маселесин катардагы саясый күрөш катары кабыл албаймын. Келген эле бийлик четинен жерибизди кемитип сата берсек болбойт. Эми күтө туралы. Жогорку Кеңеш кандай чечим чыгарат кырдаал ошого байланыштуу.

-- Депутат Мирлан Самыйкожонун чырылдаганын көрдүңүзбү?

-- Ооба, көрдүм. Бул көрүнүш туура эмес. Менин таң калганым КР президени Садыр Жапаров берген маегинде, «Эртең Жогорку Кеңештин комитетинде жабык эмес, ачык карагыла жалпы эл көрсүн, билсин» деп буйрук бердим. Көргөндөн кийин жалпы эл бизге алкыш айтып, бата гана берерине толук ишенем», дебеди беле? Хандын сөзүн эки кылып жатышат. Мындайча айтканда, бул көрүнүштүн аягы жакшылык менен эле бүтсө экен, аткени эл деген сел. Жакшы тарабына чечилсе бийликтин өзүнө эле жакшы, андыктан булар арканды узун таштап, жети өлчөп, бир кесиш керек.

Белгилей кетсек, бүгүн, 10-октябрла, кыргыз-өзбек чек арасын тактоо иштери боюнча маселе Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинде каралып жатат. Жыйынга сүрөт, аудио, видео тартууга тыюу салынган. Айрым депутаттар жыйындын башында буга нааразылыгын билдирип, макулдашуу боюнча документтер толук эместигине, отурум тууралуу кеч кабар берилгенине нааразы болушту.

Эске салсак, Президент Садыр Жапаров 9-октябрда «Кабар» агенттигине курган маегинде кыргыз-өзбек чек арасы, Кемпир-Абад маселеси тууралуу суроолорго жооп берген. Анда ал талаш жерлердин дээрлик 99% Кыргызстанга өткөнүн билдирген. Ошондой эле 10-октябрдагы парламент комитетиндеги жыйынды ачык өткөрүү тууралуу буйрук бергенин айткан.

Кыргыз бийлиги кыргыз-өзбек чек арасын тактоо иштери аяктап калганын жарыялаган. Апта башында негизи документтерде Анжиян суу сактагычы деп жүргөн, Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча нааразылыктар чыккан. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости