www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 10-октябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча өкмөттөр аралык жаңы келишимдин долбоору "жашыруун" талкууланууда.
Баарыбызга белгилүү болгондой жыйын алгач жабык болуп, кийин Жогорку Кеңештин YouTube каналынан көрсөтө баштаган. Бирок УКМКнын видео камерасынан башка журналистердин камералары киргизилбегини чуу жаратты.
Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Самыйкожо бул көрүнүш мыйзамга дал келбегендигин айтып, жыйынга катышуудан баш тартты. Депутат Адахан Мадумаров аталган келишимдин долбоору бир нече күн мурун депутаттарга берилиши керектигин жана регламент мыйзам бузуу менен өтүп жатканын билдирди.
Комитеттин төрагасы Чыңгыз Айдарбеков калчылдаган түрдө, бүгүн долбоор боюнча чечим кабыл алынбай тургандыгын айтты. Жыйынга УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, бир катар саясатчылар жана депутаттар катышып жаткандыгын журналисттер жазып чыкты.
Эске сала кетсек, КР президенти Садыр Жапаров жергилктүү басылмаларга берген маегинде, "Эртең Жогорку Кеңештин комитетинде жабык эмес, ачык карагыла жалпы эл көрсүн, билсин" деп буйрук бердим. Көргөндөн кийин жалпы эл бизге алкыш айтып, бата гана берерине толук ишенем", - деп жар салган.
Президенттин сөзүнө таянып, Эдил Байсалов, "ачыгын айтайын, буларды Кемпир-Абад кызыктырбайт. Саясат кылып жатышат. Эптеп эле бизди элге жаман көрсөтүп, ызы-чуу салып бийликке келиш - алардын максаты. Арам ойлору ишке ашпайт. Анткени ар бир жасаган ишибиз үчүн жер карабайбыз жана бизди колдоп жаткан көпчүлүк элди дагы жер каратпайбыз. Баарын бүтүрүп, мыйзам менен бекемдеп алгандан кийин, анан ат чаптырып сүйүнчүлөтөлү дедик эле. Тилекке каршы, иш толук аягына чыга электе эле ачыктап жатабыз. Буга бузукулардын элди адаштырып жатканы себеп болуп калды. Кудай буюрса, келишим бузулбай мыйзамдашып аларбыз деп туралы", - деп короосун шыпырып, эшигин тарс эте жаап койду.
Болуп жаткан көрүнүшкө президенттин "писары" Эрбол Султанбаев, "чек ара маселесин карап жаткан Жогорку Кеңештин комитетинин жыйыны бардык каалоочулар үчүн ачык өтүүдө. Ага коомчулуктун өкүлдөрү - эксперттер, коомдук ишмерлер катышууда. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү үчүн дагы чектөө жок. Бирок, каралып жаткан маселелердин өзгөчөлүгүн эске алуу менен видеого тартууга болбойт. Кечээ, тийиштүү органдардын жетекчилери Президентке жыйынды ушундай форматта өткөрүү максаттуу экенин билдиришти", - деп ышкырта жазып чыкты.
Ушул тапта Жогорку Кеңештеги жогору маанилүү маселелер социалдык тармакта кызуу талкууга алынууда.
Булак: NazarNews.kg