www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эл аралык издөөдө жүргөн жаран кармалды

Интерполдун Кыргызстандагы улуттук борбордук бюросу Кореянын эл аралык издөөдө жүргөн жаранын кармады. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.

Бирдирмеге ылайык, ал 54 жаштагы Д.Г. экендиги белгилүү болду. Шектүүнү Кыргызстандан издөөнү Интерполдун Сеулдагы бюросу өтүнгөн.

"Маалыматка ылайык Д.Г. өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелип Тэгу шаарынын полициясы тарабынан издөөгө алынган. Ал Кыргызстандагы курулуш иштерине инвестиция кылам деген шылтоо менен 450 миң долллардан ашык акча каражатын алып, из жашырып кеткен", — деп жазылат маалыматта.

Корея Республикасынын мыйзамдарына ылайык, мындай кылмыш үчүн адам 9 жылга эркинен ажыратылат.

Кармалган жаран тергөө органдарына өткөрүп берилди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости