www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 10-октябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимдин долбоорун карай баштады.
Жыйынга Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев катышууда. Парламенттеги жыйындын алдында ал журналисттерге комментарий берип, кыргыз-өзбек чек арасы боюнча кол коюлган протоколдорду ачыктала турганын айтты. Ошол эле учурда бул жыйынды видео, аудиого жаздырууга тыюу салынганын кошумчалады.
Буга нааразы депутаттар Мирлан Самыйкожо менен Максат Сарбагышев муну басмырлоо катары сыппаттады.
"Президент кечээ ачык өтөт деп айтып жатат. Хандын сөзү айртка кайтарылбаш керек, уят болот андай. Кудай урбадыбы, бул деген эл шайлап келген депутат. Ушинтип жаап коёбу, анда кирбей эле койсун депутаттар",- деди Самыйкожо.
Булак: NazarNews.kg