www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги Эрнест Карыбеков менен баарлашып, айрым суроолорго жооп алдык.

- Эрнест мырза, референдум менен президенттик шайлоонун бир күндө өткөнүнөн эмне утабыз?

- Референдум менен президенттик шайлоонун бир күндө өткөнүнүн утушу чоң. Тагыраагы, биринчи бюджетке үнөм болот. Бир ок менен эки коён атып, бир күндө эки маанилүү иш бүткөрөбүз. Буюрса, баары жакшы болот. Садыр Жапаров “Мен президент болсом ремонтко жарабай калган - мамлекеттик саясый түзүлүштү жана мамлекеттик башкаруу системасын эл каалагандай өзгөртөм” деп айткан. Кудай кааласа, 10-январда элдин турмушун оңдой турган жолго түшөбүз. Ошондой эле Кыргызстан көп  улуттуу  мамлекет. Башкаруунун кайсы түрүн каалайсың деп элден биринчи жолу суралат. Тагыраагы, референдумда кыргызстандыктарда тандоо болот.  Ошондой эле мамлекет оор абалда турганда, шайлоо жана референдумдарды бир өткөрүү оптималдуу, жана рационалдуу болот деп ойлойм. 10-январда өтө турган  президенттик шайлоо менен референдумдан кийин дагы парламенттик шайлоо жана жаңы Баш мыйзам боюнча референдум өтөт. Аларды дагы бир күндө өткөрсө рационалдуу болот деген ойдомун.

- Президенттикке ат салышкан талапкерлердин кимиси жеңишке жетет деп болжоп жатасыз?

- Азыркы президенттик шайлоого кыргыздын мен мен деген кыз жигиттери катышып жатышат. Баардыгы элибизди, жерибизди коргойлу деп мамлекетибизди өнүктүрөлү деп аттанып жатышат. Талапкерлердин көбүн жакшы тааныйм. Бирок, калың калк Садыр Жапаровдой эл уулун  аябагандай сагынышыптыр. Анткени, талапкерлердин арасынан Садыр Жапаров алдыда. Элдин үмүтү, колдоосу Садыр Жапаровдо экени ачык эле байкалып жатат. Ал “азыркы  чириген байлар, жемкорлор башында болгон мамлекеттик саясый түзүлүштү талкалайм деди. Кыскасы, элдин жүрөгүн өйүп жүргөн бир канча маселени айтты. Талапкерлердин калгандары мындай системалык маселелерди көтөрүшкөн да жок. Азыркы эле чириген мамлекеттик түзүлүш менен жана азыркы башкаруу система менен парламенттик шайлоо өткөрөлү, азыркы эле Баш мыйзам менен эле жашообузду оңдойбуз деп келе жатышат калгандары. Бул системалык, фундаменталдык эң чоң катачылык. Анткени, бийликке кандай акылдуу, жана билимдүү, таза адам келсе дагы, азыркы түзүлүш, башкаруу система менен өлкөбүздө адилеттүүлүктү, жана өнүгүүнү орното албайбыз. Жаңы жашоого багыт алабыз деген максатта иш кылып жаткан Садыр Жапаровго ийгилик жылмайып, жеңишке жетишет деп ойлойм. Ошондой эле башка талапкерлерди ишке тартат деп ишенем. Анткени, баардыгыбыз бир элбиз, тууганбыз. Азыр, өлкө оор абалда турганда баарыбыз биригишибиз керек.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости