www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Бейөкмөттөргө акча бергендердин максаты - Кыргызстанда өнүгүү, бейпилчилик эмес, хаос, чыр-чатак», - деди бүгүн, 10-июнда NazarNews маалымат агенттигине энергетика тармагы боюнча эксперт Эрнест Карыбеков.
- Эрнест агай, Кыргызстанды америкачыл көз караштагы адамдардай эч ким сүйбөйбү? Кыргызстан аларга эле керекпи? Эмне үчүн маселе жаралса эле алар митингге чыга беришет?
- Эгерде байкасаңар, сиз айткан жагдайлар боюнча митингге көбүнчө жаштар чыгат. Бул боло турган нерсе, жылдан жылга либералдык көз карашы бар жаштардын саны көбөйө берет. Бейөкмөттөргө акча бергендердин максаты - Кыргызстанда өнүгүү, бейпилчилик эмес, хаос, чыр-чатак. Аны билбеген жаштар адилеттүүлүк үчүн митингтерге чыгышат, бирок жаштарды ээрчиткен бузуку саясатчылар бар. Алардын максаты бирөө эле - бийлик. Аларга баары бир, элдин жашоо турмушу кызыктырбайт.
Тагыраагы, аларга бийлик эле керек. Байкасаңар, чыр болгон жерде эле ошондой бузукулар чыгып калат, булар жаратуучу саясатчылар эмес, булар кыйратуучу саясатчылар, жеке өзүнүн амбициясын, кызыкчылыгын мамлекеттин, өлкөнүн, жалпы элдин кызыкчылыгынан жогоруу койгондор. Өлкөнү ушул абалга алып келгендери менен да иши жок. Элден да кечирим сурабайт.
- Батышчылдардын максаты эмне?
Азыркы мезгилде дүйнө жүзү жаңы саясий экономикалык модельдерге өткөнү жатат. Батыштын либералдуу экономикасы иштебей калды. Жакын арада «жаңы Ялта» болушу мүмкүн (1944 жылы Ялта да Сталин, Рузвельт, Черчиль дүйнө жүзүн бөлүшкөн), ар кандай валюта зоналарга бөлүнүп. Ошого батыш чоң аракет жасап атат. 2001- жылы АКШ Афганистанга кирип, чатактардын баарын чогултуп, эми чыгып кетип жатышат. АКШ да бейөкмөттөр да «кош стандарты» колдонушат. АКШ Афганистанга кирем деп, Нью-Йорк шаарында 11-сентябрда 2001-жылы көп жарандарын садага чапкан, Бен Ладен менен кошо. Ошон үчүн, жалпы эл Президентти колдоп, жардам бериши керек.
Булак: NazarNews.kg