www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Россиянын лидери Владимир Путин АКШнын президенти Джозеф Байден менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн Кремлдин сайты кабарлады.
Женевадагы орус-америка саммитинде башталган маалыматтык коопсуздук жана кибер кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча диалог уланган.
Президенттер киберкоопсуздук жаатында олуттуу жана конструктивдүү кызматташуу менен тийиштүү байланыштарды улантуу зарыл экенин белгилешкен.
Гуманитардык аспектилерге басым жасоо менен Сириядагы кырдаалга да токтолушкан. Эки тарап тең бул маселе боюнча, анын ичинде БУУнун коопсуздук кеңешинде Россия менен АКШнын координациялоо аракеттерине оң баа беришкени айтылат.
Путин Байденге Серфсайд шаарында (Флорида штаты) турак жай кыйрап, көп сандаган адамдардын көз жумганына байланыштуу көңүл айткан.
РИА Новости сүйлөшүү болжолу менен бир саатка созулганын жазды. Байден Путин менен "токтобой жаткан программалык чабуулдарды" талкуулаганы белгиленет. Ак үйдүн билдиришинче, мындай кибер чабуулдарды "Россияда жайгашкан" кибер кылмышкерлер жасашат. Америкалык президенттин пикиринде, Москва хакерлердин ишине бөгөт коюу үчүн чараларды көрүшү керек.
Буга чейин БУУнун коопсуздук кеңеши Россия, АКШ, Ирландия жана Норвегиянын "Баб эль-Хава" көзөмөл өткөрүү пункту аркылуу Сирияга гуманитардык жардамды чек арага жеткирүүнү узартуу боюнча резолюциясын кабыл алган. Уюмдун Россиядагы туруктуу өкүлү Василий Небензя белгилегендей, Москва менен Вашингтон биринчи жолу "макулдашып гана тим болбостон, биргелешкен текстти сунуш кылып", аны бир добуштан колдошту. Анын айтымында, бул Россия менен АКШнын диалогунда бурулуш жасаган учур болуп калышы мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg