www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Президент элге берген убадаларын аткарууга аракет кылып, сөзүнө туруп жатат", - деди бүгүн, 24-августта NazarNews маалымат агенттигине энергетика тармагы боюнча эксперт Эрнест Карыбеков.
- Эрнест мырза, президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарында эл менен жолугушуу учурунда “менин эң негизги максатым “Кумтөр” сыяктуу элдин байлыгы болгон кен байлыктарды элге иштетүү болчу. Буюрса, аны ишке ашырдым"- деди. Президенттин максаты ишке аштыбы?
- Президенттин максаты ишке ашаарына албетте, үмүт артсак болот. Президент элге берген убадаларын аткарууга аракет кылып, сөзүнө туруп жатат. Алдыда эл аралык соттор болот. Буюрса, Кыргызстан утат деп ойлойм. Анткени, азыркы өкмөт сотко катуу даярданып жатат. 1992- жылдан баштап 2003, 2009, 2014, 2017-жылдары ошол убакыттагы өлкөнүн президенттеринин ачык басымы менен Кумтөр боюнча өлкөнүн, жалпы элдин кызыкчылыгына каршы келишимдер кабыл алынган. Ошон үчүн “Кумтөрдөгү” афёрага тиешеси бар мамлекеттик кызматкерлер жоопко тартылып жатышат.
- Баса, Темир Сариев Динара Кутманованын жалган көрсөтмөсүнүн айынан камакта отурам дептир го?
- Мен Темир Сариевдин Динара Кутманованын жалган көрсөтмөсү менен камакта отурам деп айтканына ишенбейм. Динара Кутманова Садыр Жапаровдой жалпы элдин, өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн күрөшкөн адам. Ал жалган көрсөтмө бербесе керек.
Булак: NazarNews.kg