www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Эски саясатчылардын доору бүттү", - деди бүгүн, 14-сентябрда NazarNews маалымат агенттигине энергетика тармагы боюнча эксперт Эрнест Карыбеков.

- Эрнест мырза, бийликке жетпей калган саясатчылар революция кылууга ашыгып жатабы?

- Эски саясатчылардын доору бүттү. Эл аларга баштагыдай ишенбейт, колдобойт. Партияштары, тууган-туушкандары, жоро-жолдоштору гана колдошу мүмкүн. Бирок бул жетиштүү эмес. Өлкөбүздү сазга батырып, мамлекетибиздин башкаруу системасын бузуп, элди партия-партияларга бөлүп, экономикабызды ит минген абалга алып келгендерге эл ишенбейт.

Эски саясатчылар Кыргызстандын жаңы тарыхында көп жолу элдин канын төгүшкөн. Жоопко тартылышы керек. Эми жаштарына карап, жакшы карып унчукпай жөн отурушса - мамлекетке жардамы тийет эле булардын.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости