www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Балыкчы–Корумду жолу андан ары Корумдудан Каракол шаарына чейинки 84 километр жолду бүтүрүшүбүз керек, бул жагынан да кечигип атабыз. Ал жерди бүтүрүп койсок, Казакстандан Кегенге чейин жол даяр. Караколго бу жагынан айланып келген жол 650 км., а тиги жагынан 350 км. Туристтик потенциалыбызга, жер-жемиштерди ташыганга жеңилдик болмок.
Дагы бир долбоор – Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолу. Бу жерде баарыбыз президентке, өкмөткө жардам берсек, абдан жакшы болмок. Жол салынып калса, транзиттик мамлекетке айланып, деңизге чыга турган эң кыска жол пайда болуп калмак. Бир четинен Кытай аркылуу Азияга, экинчиден, Өзбекстан аркылуу Түркмөнстандан Иранга барып, Перси булуңуна, андан ары Түркия менен Европага деңиз аркылуу барганга жол ачылмак.
Адистердин баамында, жол салынып калса жылына бир миллиард долларга чейин транзиттик кызмат көрсөтүүдөн мамлекет пайда көрө баштайт эле. Миңдеген жумушчу орундар пайда болот. Дүйнөдө азыр электр энергиясын керектөө жагы абдан актуалдуу болуп турган кези. Завод-фабрика салабыз, жаңы технологияны апкелебиз десек, баардыгы тең электр энергиясынан көз каранды.
А биз ГЭСтерди салбай жатабыз. Анын эки жолу бар: бири – түз, тике инвестор тартып салуу, экинчиси – мамлекет өзү салуу, көлөмдүү кредит алып, мамлекеттин кепилдиги менен салышыбыз керек, анда тобокелчиликке чыдашыбыз кажет. Мына, Бишкек шаары өсүп жатат. Акыркы ТЭЦтин реконструкциясы менен жылуулуктар жетет.
Бирок, ушул темп менен өсө турган болсок, 4-5 жылдан кийин кайрадан проблема чыгат. Ошон үчүн ТЭЦтин экинчи реконструкция этабы башталуусу абзел. Биринчи этабынын чырылдап баш-аягына чыкпай турабыз. Экинчи этабына ким ишенип келет? Эң негизгиси, экономикага мамлекеттин кепилдиги жок, сырткы инвесторлордун өздөрүнүн тобокелчилигине салып акча апкелген тике инвестиция тартуу азайды.
Кыргызстанга 2021-жылдын биринчи жарымында түз чет өлкөлүк инвестициялардын агымы 95,4% га өсүп, 321,3 млн долларды түздү. Анын ичинен:
- профессионалдык ишмердүүлүк - 35,4%;
- Өндүрүш өнөр жайы - 35,4%;
- пайдалуу кендерди казуу - 22,5%;
- кайра иштетүүчү өнөр жайы - 19,3%.
Өз кезегинде 2020-жылы түз чет өлкөлүк инвестициянын агымы 537,5 млн долларды түзүп, COVID-19 пандемиясына байланыштуу 50,1%га түшкөн.
Инвестициялар боюнча төмөндөгудөй иштер жүргүзүлүп жатат:
- соода-өнөр жай палатасын реформалоо;
- эркин экономикалык аймагынын концепциясы кайра каралууда;
- «Инвестициялык талаштарды сотко чейинки жөнгө салуу боюнча» токтому боюнча долбоор иштелип чыгып, макулдашылууда;
- Инвестициялык долбоорлорду экспертизалоо жана даярдоо институтун түзүү боюнча токтомдун долбоору иштелип чыкты жана макулдашылып жатат;
- инвестиция чөйрөсүндө мамлекеттик органдардын өз ара аракеттери боюнча токтом долбоору иштелип чыгып, макулдашылууда;
- КРда инвестициялар тууралуу мыйзамдын жаңы редакциясы иштелип чыгууда.
2015-жылы 1,6 млрд. долларга чыкканбыз. 2019-жылы 700 млн. болуп калган. Тике инвестиция келбесе, өнүгүп-өсүү, атаандаштык болбойт. Жаңы технологиялар, жаңы менеджмент, жаңы башкаруу системасы кирбейт. Тике инвестициянын көлөмүнүн ылдый түшүп кетиши – бул биз атаандаштыктан артта калып баратабыз деген сөз.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg