www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

7-сентябрь күнү Бишкек шаарында маркум журналист Уланбек Эгизбаевге арналып куран окутулуп, эскерилди. Бул иш-чарага Уландын ата-энеси, жубайы Кочкордон атайын келип катышты жана аны эскерүү үчүн ар тараптан, ар түрдүү тармактагы адамдар чогулушту. Чогулгандардын сүйлөгөн сөздөрүн ирети менен берип, Улан тууралуу коомдук адамдардын пикирлерине назарыңыздарды бурабыз. Өз кезегинде журналист Эрнис Кыязов, маркум Улан Эгизбаевдин трагедиялуу тагдырына токтолду.

-Бардык нерсе бекер болбойт деп ойлойм. Уландын өлүмү, өмүрдөн узап кетиши да баарыбыз үчүн айта жүрчү, ойлоно жүрчү чоң сабак болсун. Кыргыз журналистикасында өзүнүн үнүн, чыгармачылык почеркин жеткире алган, далилдей алган, далилдесе да кыйынмын деп айтпай эле, кумурскадай болуп, мээнеттенүү кандай экендигин, чыныгы ишине берилгендик кандай экендигин жөн гана өзүнүн ишин жасап, мээнеткеч экендигин көрсөтүп кетти. Карапайым үй-бүлөнүн кулуну үй чарбасын да жасап, ак кагаз менен иштешкен чыгармачылыгын да кылып, баарына үлгү болуп кетти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости