www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Телеканалдын маалыматына караганда, ал түнү 21 жаштагы жигит достору менен карындашынын 18 жашка чыкканын майрамдаган.

Москванын Марьино районунда кыргызстандыктарды унаа менен тебелетип салды деп шектелип жаткан айдоочунун карындашы чатак эмнеден чыкканын РЕН ТВканалына айтып берди.

Эске салсак, Москванын Новочеркасский бульварында рулда отурган адам кыргызстандык мекендештерин тебелетип кеткендиги туурасында маалымат тараган. Анда 21 жаштагы Бекжан Сарбишев аттуу шектүүнүн кармалгандыгы кабарланган.

Кийинчерээк ал Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун Зергер айыл өкмөтүнө караштуу Токтогул айылында төрөлүп, кийин Россиянын жарандыгын алганы айтылган.

Телеканалдын маалыматына караганда, ал түнү 21 жаштагы жигит достору менен карындашынын 18 жашка чыкканын майрамдаган. 

"Биз тарапка бир нече эркек келип мага тийишти. Агамдын эскерткенине карабай, асыла башташканда ортодо чатак чыгып кетти. Алар агама кол көтөрүштү”, — деди кыз.

Анын айтымында, Сарбишев жинденип тургандыктан, унааны башкара албай, тормоздун ордуна газды басып алган. 

Булак: "Спутник кж"

Последние новости