www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Учурда маркумдун сөөгү өзү туулуп-өскөн Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районундагы Балбай айылында сөөгүн жерге берүү зыйнаты өтүп жатат.

--... Адамдарга айта жүргөн жакшы сөздөрүңүздү, жасаган жакшы иштериңизди бу жалган дүйнөдөгү биздей тирүүлөргө өрнөк кыла жашадыңыз да, чын дүйнөгө кеттиңиз. "Ич, ич" деп кыстап турчу кымызыңыз, бозоңуз турчу бурчтагы үстөл-стулдарыңыз, "О-оо Бейшекемин дүкөнү!" деп баарыбыз барып турчу кыргыз жыттанган дүкөнүңүздө бүгүн эл топурап сумсаят. ...ээ Эрнисбай, пенделер "антем..минтем" деп план түзө берет, бирок Жараткандын өзүнүн планы бар да", дечи элеңиз. Өзүңүз айткандай, Жараткандын планы менен сиз да акка моюн сундуңуз" - деди белгилүү журналист маркумду эскерүү зыйнатында Эрнис Кыязов.

Эске сала кетсек Бейшенбек Бекешов кыргыз журналистикасында аты таанымал, КТР, ЭлТР телеканалдарында жетекчилик кызматтарын аркалаган.

1990-жылдары ал КТРдеги “Коломто” автордук программасы аркылуу көпчүлүккө таанылган. ЭлТр каналында «Эл наркы» көрсөтүүлөрүн алып барган. Акыркы жылдары Бишкекте "Айыл азыгы" дүкөнүн иштетип жаткан.

На изображении может находиться: 2 человека, в том числе Ernis Kyiaz, люди сидят, шляпа и в помещении

Маркум, Бейшенбек Бекешов 61 жашта жарык дүйнө менен коштошту. Так ушул таптарда Ысык-Көлдүн Түп айылынын Балбай айылында маркумду жерге берүү аземи өтүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости