www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коронавируска 2021-жылы чекит койобузбу?

Коронавирус пандемиясы 2021-жылдын экинчи кварталында аяктайт жана глобалдык экономика бир жылдын ичинде кадимки калыбына келет. Бул тууралуу Даниянын Саксо Банкынын ( Saxo Bank)  инвестициялык директору Стин Якобсен РИА Новостиге берген маегинде билдирди. 2021-жылдын экинчи кварталында пандемиянын бүтүшүн күтүүгө болот. Рынок буга чейин коронавирустук учурлардын кескин өсүшүнө көз чаптырып, экономика 2021-жылы кайра көтөрүлөт деп ишенип жатат. Окумуштуудардын пикири боюнча, Азия экономикасы башкаларга караганда тезирээк калыбына келет. Коронавирус эң алгачкылардан башталган Кытай экономикасы биринчи чейректе ИДПнын өсүү темпин 10%га жакын көрсөтөт. Анын артынан Япония, Сингапур, Түштүк Корея, Малайзия экономикалык жактан өздөрүн көтөрүшөт. Андан кийин Орусия менен Түндүк Европанын экономикасы, же Швеция, Финляндия, Норвегия алдыга оозуп чыгат. Булардан соң дүйнө калыбына келе баштайт АКШ, Улуу Британия, Жакынкы Чыгыш алдыга чыгат. Булар илимдеги ачылыштын аркасында мүмкүн болот.

COVID-19 пандемиясы башталгандан тогуз ай өткөндөн кийин гана вакцина өндүрүлө баштайт деп эч ким айта алган эмес. Бул адатта эки-үч жылга созулат. Бул илимдин эбегейсиз зор жеңиши жана эмдөөгө таптакыр жаңыча мамиле. Албетте, вирус мутацияга учурашы мүмкүн болчу, бирок илим вирусту жеңип чыкты, анда анын бардык четтөөлөрүн жеңип чыкканы коронавирусту жеңүүгө шарт койот. 2021-жылы илим дагы бир жолу жаңы нерсени ойлоп табууда адамдын жөндөмүнө ишенүү керектигин далилдей алат. Дүйнөдө коронавируска каршы күрөш акыры жеңишке жетет. Бул аралыкта  дүйнөлүк экономика кайрадан форматталат. Коронавирус жана пандемия — чоң саясий долбоор болгон. Ал белгилүү топтор тарабынан түзүлгөн. Оору бар, аны эч ким четке какпайт, бирок чек араларды жаап, адамдарды беткап кийүүгө милдеттендире турганчалык эмес эле. Мунун баары адамдын психикасына, иммундук системасына таасир этти. Бул саясий долбоор эртеби, кечпи ачыкка чыкты. Учурда саясатчылар да, дипломаттар да вирусолог болуп алышты. Пандемиядан улам байлар кирешесин арттырып, кедейлер ансайын жакырчылыкка дуушар болду.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости