www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Турсунбай Бакир уулу ага жардам сурап кайрылгандарды алдын ала терең ойлонууга чакырды:

“Менден жардам сураган карындаштарым жана кыздарым, мага кайрылаардан алдын чечиминерди жети эмес, а он жети жолу өлчөп бир кескилечи!

“Кичи балдарым менен мени таштап кетти, акчалай да, кийим-кече жана азык-түлүк менен да жардам бербейт, алимент төлөбөйт, кабар албайт!» деп даттанасынар. Анан эле таштап кеткен, карабай койгон же башкага үйлөнүп алган күйөөңөрдү мыйзам же соцжелелер аркылуу жоопкерчиликке тартып, силерге жардам бердирттейин деп киришсем анан эле «арызымды кайра алайын», «жазалабай эле коёлу», «постту өчүрүп коёсузбу», «эч ким билбей эле койсун» деп айнып кетесиңер!

Бүгүнкү постту да төрт баласы менен таштап кеткен күйөөсүнүн үстүнөн даттанган карындашым «өчүрүп коёсузбу?» деп суранды. «Эмне болуп кетти?» деп сурасам, ал үнүн аста чыгарып: «Төрт баласын эстеп мүмкүн жарашып калабы деген үмүтүм бар…» дейт. Кийин анын агасы чыкты: «Күйөө баланы Москвадан таптым. Эми мен аркылуу акчалай жардамын берип тура турган болду. Постту өчүрүп коё бериңиз» деп суранды.

Өзүнүн ролун ойногон постумду өчүрдүм. Бирок бир-эки ай жардам беримиш болуп ал кайра жоголуп кетсечи?!…
Бир да бала атасыз калбаса экен, бир да жубай, эне кароосуз калбаса экен деп дуа кылдым…”, – дейт ал өз сөзүндө.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости