www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Каза болгон дарыгерге “Эмгек сиңирген врач” наамы ыйгарылды

Нарын шаарынын калкын медициналык тейлөөдө үзүрлүү эмгеги үчүн Нарын облустук Үй-бүлөлүк медицина борборунун №4 Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун клиникалык жетекчиси, үй-бүлөлүк  дарыгер Мааданбекова Гүлжан Билаловнага “Кыргыз  Республикасынын эмгек сиңирген врачы”  наамы ыйгарылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жогорку наамды Гүлжан Мааданбекованын уулу Элдияр Мидиновго тапшырууга аргасыз болду.

--“Каргашалуу жол кырсыгынан улам апабызды жоготуп алдык. Медицина тармагына 33 жыл өмүрүн арнап, пандемияда талыкпай иштеп, колу жеңил дарыгер болчу. Үйдө мээримдүү эне. Мени жана карындашымы чоңойтту, бойго жеткирди. Биз апабыз менен сыймыктанабыз”, – дейт жогорку наамдын ээси Гүлжан Мааданбекованын уулу Элдияр Мидинов.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости