www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эрнис Кыязовду көрбөдүңөрбү?

Кыргыз эли мурунтан тоодон-тоого көчүп, бири-бирине жөлөк-таяк болуп, бирине-бири караан болуп келген. Азырчы? Бири-бирин кубатташтын ордуна буттан чалмайды, кара көө сүртмөйдү мыкты өздөштүрдүк да калдык. Тээ илгери айтылып жүргөн, “саман өрттөнүптүр” десе, “Самарканд өрттөнүптүр” деп,чала-була угуп алып “оптом” чуркап кетмейди адатка айлантып алдык.

Мындан көп өтпөй эле журналист Тимур Саралаев деген кесиптешибиз, “27.08.2016 жыл, Москва шаары, 17 киши тирүүлөй  күйүп кетти. 16.01.2017 жыл, Дача Су кыштагы, 39 киши учактын айынан каза болушту. Көчкү, сел, жер силкингенди жана автокырсыктарды айтпай турайын.

Москвада кыз-келиндер өрттөнүп өлгөндө "Уркуянын" алдында чогулушуп, шам күйгүзүп, ташка кагаз чаптап, ар бириңер - "Кечиргиле...", деп ыйламыш эттиңер эле. Андан кийин, бийликтин товарларын алып келе жаткан, кара жолтой түрк учагы кулап, ал жерде 39 киши басылып, тебеленип өлгөндөн кийин тыңыраактары 1-2 жума макарон, суу май, эски-пуску кийим-кечек чогултуп аза күтүмүш болдуңар. Эми суроо, ошол кара күндөрдө күтүүсүз келген кырсыктар өттү-кетти, далай сөздөрдү ушул жерде бапылдап-бакылдап жүргөндөрдүн көбү айтты эле - "минтип-тигинтиш керек", деп. Ошолор кайдасыңар, кыргыз элим кайдасың, барсыңбы деги, же баарын унутуп калдыңбы?! Ким, качан жооп берет, же сага баары бирби?!

Кудай сактасын, бирок бизде ушундай болуп калды, дагы бир нерсе болсо, элимдин кыйын чыкмалары дагы чыгат, кагаз, гүл, шам көтөрүп алып, ыйламыш этип, анан бүттү. Кыскасы, көңдөй болуп бара жатат окшойбуз... деген ачуу пикирин ачыкка чыгарган эле.

Чын эле...тележурналистердин алдыңкы катарында турган, тилинен чаңы чыгып сүйлөгөн, саясаттагылардын сан уйукусун бузган,  калың элдин көңүлүн өзүнө бурган, таппаган сөзү жок, атактуу Эрнис Кыязов деген кесиптешибиз арабыздан жоо-ок эле болуп кетти. Издеген же жоктогон адам жок.

Эрнис мырза кайда гана кайсыл жакта болбоңуз Сизге ден соолук, жакшылык, үй-бүлөөңүз менен амандык каалайбыз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости