www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жаңы жыл майрамында бир жылда бир кийчү “бетман”, “чэлэүэк павук”, “супэрмэн” сыяктуу балаты-кийимдерге кошулуп көптөн бери сандыкта жаткан же той-ашка, жамандык-жакшылыкка гана кийилчү ак калпактын багы ар жылы 5-мартта ачылат. Бүгүн кыргыздын көбү жабырап калпак кийди. Эртеси калпактын майрамдык миссиясы тып бүтөт…

Ара-чолодо айылдан борборго келген жашамал адамдар же каны-жаны менен кыргызга күйүп жүргөн саналуу кишилер эле кийбесе, калпак кийүү кайра баягыдай өөн өнөкөткө айланат. Бир күндүк калпак майрамы калпак саткан базардын соодасын кыйла кызытаары, бир күн да болсо телевизордон , көчөдөн калпакчан кылкылдай баскан кыргыздардын көбөйө түшкөнү жүрөктү толкундантаары ырас.

Анткени менен эртеңди күтүп олтурбай эле 5 –марттын кечиндеси эле калпак даңазасы соңуна чыгат. Калпак кийген жалындуу иш чараларга катышып, калпакчан сүрөткө түшмөй ташпиштерден бошогон соң, андан ары кыкең немистин же жапондун, бери болгондо Өзбекстанда чыккан “матиз”, “тико” сыяктуу машинесине олтуруп эшикти тарс жабат да, кытайлар салып берген асфальтта зуулдата айдап, кайсы бир чет өлкөдөн чыккан англисче жазуусу бар чылымды бурулдата түтөтүп, алыскы-алыскы канадалыктар алтынын казып кеткен Күмтөр тоосундай же  Путин чокусундай ак чокуларга тигилип, кез-кезде “балдарымды англисче же түркчө окуу жайга берсем” деп кыялдана жүрүп олтурат.

Ангыча узакка созулган жол тыгынына кабылып, ошого сабыры түгөнө “улуу кыргыз тили” менен “улуу орус тилин” аралаштырып туруп президент баш болгон бийликти ашата сөгүп, анан кайра ичинен “аша чапкан жокмунбу..” деп бир кыжаалаттанып, артынан арапча келме келтирип, курсагы курулдап ач экенин сезгенде Стив Джобс ойлоп тапкан айфон-телефону менен үйгө чалмак болуп, бирок ошол оюнан кайра кайтып, уйгурлар катыра жасачу лагмандан жегиси келип “Фаиза” кафеси тарапка буруп, ал жактан курсагын кампайткан соң, күүгүм-караңгы аралаш асманда ары-бери учуп өткөн Орусиянын, Европанын, Кытайдын, Жапандын…айтор, түрдүү-түрдүү өлкөлөрдүн өз колу менен кураган самалетторун анда-санда тиктеп, кээде жылдыздарды карап, жылдыздардын ар жагындагы космосто адамзаттын кайсы бир акылдуулары Марсты, Юпитерди, Айды иликтеп космикалык станцияларды куруп жатканы, кайсы бир акылдуулардын өлкөсүндө суу менен жүрө турган, а түгүл асманда уча турган машине чыгарып жатканы капарына да келбей, кайра эле баягы өз багалегин өзү тепселеп жыгылып жүдөп жаткан Кыргызстанды ойлоп: “Атамбаев кетсе ордуна кимди коюп кетээр экен, ай ушу Текебаев жеңе албай калды го… же жеңип чыгаар бекен?..А жеңгенден кийин эмне болор экенбиз ыя…” деп баш-аягы жок ойлорго чөмүлүп, ой менен алышып атып, кызыл күйүп турган светофордун жашылын күтүп олтурбай эле жан-жакада ГАИ жок экенин көргөн соң зуулдаган бойдон өтүп кетип, евро (!) стилде курулган үйүнө акыры жетип токтойт.

Эшиктин конгуроосун басат. “Кто таа-ам?” деген жубайынын үнү чыгат ары жактан. “Ач, это я” дейт берки. Эшик ачылып, ичкери киргенде ары жактан балдары, кыздары “Папам келди-ии!!! Папа, что ты нам принес?” деп моюнуна асылышат. Чарчап-чаалыккан атасы балдарын аяр кучактап, башындагы кытайдын кебезинен тигилген калпакты аялына сунат: “Ме, калпакты балдар кир кылат, сандыкка , ордуна салып кой…”

Эске сала кетсек, жогорудагы маалымат oshakir.hostenko.com сайтынан алынды. Маалымат аталаган сайтка ушул жылдын 5-мартында жарыяланган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости