www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мына сага керемет мамлекет башчы. “Биздин саясатчылар менен журналисттердин арасында боктор ушунчалык көп. Бул өлкө үчүн жаман,” – деп билдирди 11-июнда Алмазбек Атамбаев БУУнун Баш катчысы Антониу Гутерреш менен жолугушуу учурунда.
“Кечээ Астанада болгондо Назарбаев кандай сонун шаарды курганына суктандым. Казакстан Көргөзмө комплексин курууга 3 миллиард доллар жумшоого кудурети жетээрине кубандым. Баарынан да буга казак коомчулугу сый мамиле кыларына көз арттым. Биз былтыр Көчмөндөр оюнун өткөргөнүбүзгө 1 жыл өтсө да алигиче "3 миллион доллар кетип калды" деп менин башыман аягыма чейин жугунду куюшат. Анан аргасыздан “Чочкону кайда айдасаң да баары бир ылайга оонайт” деген макал эске түшөт. Билесиңерби, эмнегедир биздин саясатчылар менен журналисттердин арасында боктор ушунчалык көп. Бул өлкө үчүн жаман”, – деди Алмазбек Атамбаев.
Эске сала кетсек 11-июнда Алмазбек Атамбаев менен өлкөбүзгө жумушчу сапар менен келген Бириккен Улуттар Уюмунун Баш катчысы Антониу Гутерреш жолукту.
Жолугушууда мамлекет башчы Бириккен Улуттар Уюмунун Баш катчысы Антониу Гутеррешге анча-мынча арызданып алды. Кызык, мамлекет башчыбыз ошентип арызданып арманын айтса Антониу ава кыргыздар жөнүндө эмне деп ойлоп калды экен ээ.
Булак: NazarNews.kg