www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев   менен өлкөбүзгө жумушчу сапар менен келген Бириккен Улуттар Уюмунун Баш катчысы Антониу Гутерреш басма сөз  үчүн билдирүү жасашты. Бул тууралуу президенттик басма-сөз кызматы билдирди. 

Президент Алмазбек Атамбаев  өз сөзүндө  Кыргызстанга жогорку мартабалуу меймандын келгендигине абдан ыраазы экендигин билдирди. 

“Антониу Гутерреш мырза өлкөбүздүн чоң досу жана менин досум экендигин көрүп, сезип турам. Кыргызстанга күйгөн жана  өз укугунун алкагында жардам көрсөтүүгө даяр турган чыныгы өнөктөш экендигин көрүп турабыз”,-деп  Мамлекет башчысы БУУнун Баш катчысы бүгүн Ош шаарына бараарын кошумчалады.

“Акыркы  жети жылдын аралыгында шаар кандай өзгөргөнүн, кандай кескин өзгөрүүлөр болгонун өз көзүңүз менен көрө аласыз. Гутерреш мырза бизге тез-тез каттап турушун каалар элем. Бирок ал проблемасы жок өлкөгө БУУнун Баш катчысы тез-тез каттагыдай зарылчылык жок деп жатат”,- деди Алмазбек Атамбаев.

Өз кезегинде Антониу Гутерреш БУУнун качкындар иштери боюнча Жогорку комиссары катары Кыргызстанга жасаган жумушчу сапары туурасында абдан жылуу эскерээрин белгиледи.

Басма сөз үчүн билдирүү жасап бүткөндөн кийин Президент Алмазбек Атамбаев менен БУУнун Баш катчысы Антониу Гутерреш журналисттердин суроолоруна жооп беришти.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости