www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Аялдын акылы башында эмес, башка жеринде” деген макал бар элде. Кыргыздын бир да макал-лакабы жок жерден чыккан эмес. Ал илимий же турмуш чындыгына дал келеби же келбейби – бул кийинки маселе. Макалдын башкы максаты - мээге сайгандай, бир укканда жатталып калгандай учкул сөз менен тарбиялык милдетти аткаруу болгон. Аны билген ар бир адам мага карата ошол сөз айтылып, сөзгө сөлтүк, кепке кемтик болбоюн деп карманып, өзүн өзү кайтарып турган. Назира Бегим кесиптешибиз көтөрүп жаткан эки аял, көп аял маселесинде да ушул абал ашыгы менен көрүндү.

Буга каршы чыккандардын биринчи таянычы: “Аял менен эркек бир жуп гана болуш керек, үчилтик жана андан көп кишиден турган үй-бүлөнү табият көтөрө албайт” деген жүйөө болду. Ооба, Кудай аял менен эркекти бири бири үчүн жараткан. Тагыраак айтканда, бири биринин кадырына жетсин, бири биринин пенделик кызыкчылыгын түшүнүп, көтөрө билсин, биринде жокту экинчиси толуктасын деп жараткан. А эгер ошол касиет жуптардын биринде болбой калса кандай кылуу керек? Сөзсүз ажырашыш керекпи? Өзү беш эрден чыгып келсе да мен эримдин жалгыз гана аялы болушум керек деген ичи тардыкты жүз эмес, миң жолу көрдүк. Бул жогорку макалдын далили эмегенде эмне? 

Эки аялга каршы чыккандардын дагы бир таянычы: “Балдарды жетим кылбайлы”, - деген жүйөө. Сен экинчини алсаң мен сөзсүз ажырашам деген сөз. Ооба, андайда бири калбай ажырашып да жатышат. Мыйзам боюнча бала энеде кала турган соң бул рычагды жулунуп кеткиче тартып жатышат. Бирок алардын ондон бири да балдарын өзү багып калган жок. Ажырашкан эрин жазалаш үчүн гана балдарынан ажыратып, таята-таенесине калтырып салып, каңгып кетип жатышат. Ушуну кантип энелик мээрим деп айтабыз? Бул да жогорку макалдын далили эмей эмне?

Каршылардын дагы бир таянычы: “Көп аялдуулук эркектердин аңгилигин мыйзамдаштыруу” деген жүйөө экен. Азыр аңги эркектер үчүн эки аял алганга караганда он ойнош күтүү ыңгайлуу да, пайдалуу да, ал турсун акылы башка жериндегилердин көз карашынан алганда моралдык жактан жакшыраак да экени кимге жаңылык? Ошого карабай көп аялдуулуктан жалаң төшөк маселесин көрүү жогорку макалдын таза эле өзү болуп турбайбы.

“Көп аялдуулук сойкулук болбосо, эркектер эмне үчүн жаш кыздарды алат? Бузулган сойку кыздарды алып оңдобойбу, ажырашкандарды, жессирлерди алып балдарын бакпайбы?” – деген дагы бир таянычы бар алардын. Кыргыз аялды эң биринчи бала үчүн, тукум улоо үчүн алат. Сойкудан кандай тукум туулат? Үй-бүлөнү өмүр бою жашайлы деп түзөт. Ажырашкандар акылдуураак болуп калабы?. Ал эми жесирдин болсо жерде калганы азыраак.

“Эри өлгөн катын келинчек болот” деген да макалы бар кыргыздын. Ошондуктан үй-бүлөнү ар ким жеке өзү үчүн, бакыбат жашоосу үчүн, бактылуу келечеги үчүн түзөт. Бирөөгө бирөөнү таңуулоонун ордуна ар кимибиз өз жашообузду оңдосок жалпы коом тезирээк оңолот. 

Эми дагы бир кызбы, келинби, жазып чыгыптыр эки аял маселсин көтөрүп жаткандар халифат кургусу келип жаткандар деп. Айтаар аргументтери куруганда ушинтип коркутуп-үркүтүүгө далбас уруптур. Көп аялдуулук халифаты жок эле көп өлкөлөрдө мыйзамдуу иш экенин көргүсү да, уккусу да жок. Жогорку макалдын мындан өткөн кашкайган далили болобу? 

Көп аялдуулкту эрежеге, салтка айлантуу эркектердин эмес, биринчи кезекте аялдардын, коомдун тазалыгынын, улуттун келечегинин кызыкчылыгындагы иш экенин түшүнуп турса да түшүнгүсү келбей, көшөрө берүү бүгүн эле пайда болгон нерсе эмес. Бул балким алмустактан эле келатса керек. Жогорку макалды да кыргыз эли, менимче, ушундай макоолукту белгилөө үчүн чыгарган болуу керек.

Автор Бейшенбек Бекешов

Булак: NazarNews.kg

Последние новости