www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Арбак колдойбу же колдобойбу?

Абиш Жаналиев:

"Арбак колдойт, колдобойт" деген күнүңдө да араптын идеологиясына сугарылгандар ата-бабалардын арбактарын унутуп калбашы керек да. Жаман ойсуз айтам сага азыр бир сөздү, көңүлүңө алба катуу, акылың болсо, ойлоноорсуң.

Убакыт келет, баарыбыз кетебиз бул жашоодон, эч ким калбайт. Мына, сен кеткенинде, сенин кан-жанындан пайда болгон кара чечекей балдар-кыздарың унчукпай, мисирейип, чөлдөн келген арап сымалданып көөмп койгондоруна кандай карайсың?

Бул көз карашыңда, "ыйлабай көмгүлө!" дейсиң. Эми ал балдардын да өздөрүнө жараша сезим, эмоциялары бар да! Түшүнүп турат, акыл-эси жайында, чоңойуп калган немелер.

Бир жөн эле элестетип карачы: балдарыңдын эч нерсеге ойлонбой, муңданбай, көзгө жаш албай, мисирейип, мазардан колдон келишинче эртерээк кетип жатышкандарын. Балдарды өтө эле ырайымсыздыкка, маңкуртукка тарбиялап жаткандай эмеспизби?

Асель Сапарбаева:

Кудайдын кудурети менен арбак колдойт. Мисалы, мен операция болуп, оор абалда жатканымда, маркум апам жанымда турганын өзүм көргөм. Колдогону ошо да. Же, бир кыйынчылыкка туш болоордо түшүмө кирет, белги берип.

Бүгүн бир таанышыбызды акыркы сапарга узатуу зыйнатына бардым. Ал жакта да жаназа окуган молдо эркектерди өкүртпөй, аялдарды кошок кошконго тыюу салды эле, бир топ аксакалдар мененапалар молдону ''местосуна'' койду.

"Кошок кошпой, өкүрбөй эмне деген шумдук!? Жаназаны оку да, бир табак этиңди салып алып, жолуңа түш! Калганын өзүбүздүн кыргыздын салты менен узатабыз'' дегенде, бир четинен апаларга ыраазы болсом, экинчи четинен чынында эле өздөрүнүн оюна эмне келсе, ошону оттогон чала молдо дин бузаарларга тынчсыздандым!

Маалымат Фейсбук баракчадан алынды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости