www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эртең, 27-ноябрда Бишкек шаарында Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин Тышкы иштер министрлер кеңешинин (ТИМК), Коргоо министрлер кеңешинин (КМК) жана Коопсуздук кеңештеринин катчылар комитетинин биргелешкен жыйыны өтөт.
Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, биргелешкен жыйын Кыргызстандын төрагалыгы алдында өткөрүлөт.
Жыйындын күн тартибине жамааттык коопсуздук региондорундагы аскердик-саясий кырдаал боюнча пикир алмашуу, сессиялар аралык мезгилде ЖККУнун ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктарын талкуулоо, ошондой эле Жамааттык коопсуздук сессиясына алып чыгылуучу тиешелүү чечимдерди кароо жана жактыруу маселелери кирди.