www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эртең, 10-октябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйыны өтүп, анда Өзбекстан менен чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча макулдашуу каралат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун маегинде белгилүү болду. Бул маалыматты депутаттар Дастан Бекешев менен Эльвира Сурабалдиева дагы тастыкташты.

Президент маегинде белгилегендей, комитет жыйыны ачык режимде өтүп, анда келишимдин чоо-жайын билүүгө болот.

"Президенттин маегинен кийин, Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек ара боюнча келишим тез арада бекитүүгө коюлуп жатат.

Азырынча материалдар жок. Жыйын ачык, ал эми добуш берүү жабык өтүп калбаса болду. Казино боюнча мыйзам долбоору сыяктуу. Парламенттин регламентин бузуу менен добуш берүүнүн жыйынтыгы дагы деле эч кимге берилбейт.

Ал эми президенттин сөзүнө келсек, ал парламентке же комитетке тапшырма бере албайт. Кыязы, ал комитетке ачык жыйын өткөрүү өтүнүчүн билдирген», — деп жазган Дастан Бекешев.

Ошол эле учурда Эльвира Сурабалдиева жыйындын убактысын тактады.

"Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин кезектеги жыйыны эртең, 10-октябрда саат 11:00гө белгиленди. Күн тартибинде кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо маселеси турат", - деп жазган ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости